Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ КАЛКЫН ИНТЕРНЕТ «ЖЕЛЕСИНЕ» ЖЕТКИРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанга бейшемби күнү келген Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын, өкмөтүнүн жана бир катар ири ишкана жетечилеринен турган делегация 8-августта Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Кеңеш Карачалов менен жолугушту. Чет элдик делегация 9-августта өкмөт башчы Николай Танаев, андан соң президент Аскар Акаев жана Эл өкүлдөр жыйынын төрагасы менен жолугушат. Кыргыз өкмөтү Кореянын финансылык колдоосу менен кыргыз коомчулугун дүйнөлүк маалымат желесине чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү паланын турмушка ашырууну пландаштырууда.

Делегацияны Кореянын Улуттук Ассамблеясынын илим, техника, маалымат, телекоммуникация комитетинин төрагасы Ан Донг Сон баштап келди. Чет элдик делегация жума күнү Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Кеңешбек Карачалов менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы информациялык байланыш технологиясынын абалы жана бул багытта эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоо тууралуу пикир алмашты. Кеңеш Карачалов чет элдик делегациянын өкүлдөрүн буга чейин кыргыз өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандын маалымат технологиясын өнүктүрүү тууралуу улуттук стратегиясынын максаты, мазмуну менен жана бул багытта жасалган иштер тууралуу тааныштырды. Карачаловдун айтымына караганда, жогорудагыдай улуттук стратегиядан сырткары соңку бир нече айдын аралыгында Түштүк Корея менен Кыргызстандын өкүлдөрү Кыргызстандагы маалымат технологиясын өнүктүрүү тууралуу «Кыргыз вижион 2007» деп аталган программа иштеп чыгышкан. Программага ылайык 2007-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы айылдарга телефон байланышы түзүлөт. Бир миллион үй-бүлөгө бирден компьютер коюлуп, өлкө калкы 100% эларалык Интернет байланышын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан сырткары Кыргызстанда 100 миң жумушчу оруну уюштурулат. Программаны аткарууга 50 миллион доллар каржат талап кылынат. Мына ушул максатта 2003-жылдын февраль айында Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев Түштүк Корея республикасына иш сапары менен барып, аталган программаны турмушка ашыруу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кайткан. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, кореялык делегация бул жолу кыргыз өкмөтүнүн жогорудагыдай программасы менен тереңирээк таанышып, Кыргызстандагы маалымат байланыш технологиясынын абалын иликтөө максатында транспорт жана коммуникация министринин чакыруусу менен келди. Алар бир аптанын аралыгында, кыргыз президенти баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Кеңеш Карачаловдун айтымында, эгерде бул жолу кыргыз тарап аталган программа тууралуу кореялык делегацияны ишендирүүгө жетишсе Корея тарап программаны аткаруугу 50 миллон доллар бөлүшү ыктымал.

- Кореянын Улуттук Ассамблеянын комитетинин төрагалары келди. Акчаны ушулар кармайт экен. Алар биринчиден, биз менен таанышат, өлкөнү көрөт, элибиздин түрүн байкайт. Эгер чын эле аракет болуп атканына ишенсе, алар бул программаны колдоого алышы ыктымал.

Карачалов программанын мазмуну тууралуу буларды кошумчалады:

- Жыйырманчы жылдары Орусиядан келген өкүлдөр биздин элди окутуп, сабатсыздыгын жоюшкан. Азыр дал ошондой компьютер боюнча элдин билимин жогорулатыш керек. Ага акча керек. Долбоор ишке ашып калса, ар бир айылда борборлор ачылып, карапайым элдин компьютер боюнча сабатсыздыгын жоюлат.

21-кылым информациялык коом экендигин эске алганда, транспорт жана коммуникация министрлигинин демилгеси менен кыргыз коомчулугу үчүн өтө маанилүү программа ишке ашырылууда. Кыргызстандын келечеги үчүн мааниси зор мындай иш-чаранын аткарылышы тууралуу өлкө саясатчыларынын пикири түрдүүчө. Оппозициядагы «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдын көз карашы мындай:

- 2007-жылга чейин Интернет байланышына муктаж болгондорду 100% камсыз кылабыз дегенге мен ишенбейм. Анткени соңку он жылдын аралыгында ондогон, кагаз түрүндө эң мыкты долбоорлор кыргыз бийлиги ага багытталган акчаларды туура эмес пайдалангандыктан ишке ашпай келет. Менин оюмча, бул жолу кореялык өкүлдөр берилген акчаны тыйынынНа чейин кайда жумшалганын көзөмөлгө алса гана, кандайдыр бир жыйынтык болушу ыктымал.
XS
SM
MD
LG