Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

ААЛАМДА БЫЙЫЛ АБА-ЫРАЙЫ ӨЗГӨЧӨ ЫСЫК


Адистердин эсебинде, быйыл Европада дегеле дүйнөдө аба – ырайы өзгөчө ысык. Алсак азыркыдай ысык Европа континентинин өлкөлөрүндө буга чейин өтө эле сейрек катталган экен. Былтыр жайда Чыгыш жана Борбордук Европа жаан-чачындын көптүгүнөн улам суу ташкынга кабылса мындай көрүнүш быйыл адатта ысыктан жабыр тарткан Азия субконтинентинде байкалып жатат. Айрым экологдор жаратылыштын жогорудагыдай кубулуштарында адамзаттын да салымы бар экенин айтышууда.

Адистердин пикиринде, быйыл Европада буга чейин чанда эле кездешкен эң ысык жыл экени талашсыз.Эски континеттин айрым өлкөлөрүндө күндүн ысыктыгы 40 градуска жетип, кээде андан да ашты. Британиядагы Чыгыш Англия университетиинин аба-ырайыны изилдөө боюнча институтунун белдүү адиси Девид Вайнер:

- Ушу тапта Жер ортолук деңиздин айланасы менен Европанын түндүк-батышы өтө катуу ысыкты баштан кечирүүдө. Маселен, Швейцарияда азыркыдай ысык мындан 250 жыл мурда катталыптыр.Норвегияда эң ысык жай буга чейин 1925 –жылы болгон экен.Ал эми дүйнөнүн башка бөлүгү Индия менен Пакистанда күндүн ысыктыгы катуу жаан –чачын менен коштолуп, натыйжада суу ташкынды алып келди. Индиядагы азыркы суу ташкын акыркы 50 жылдын ичиндегилердин эң оору

Күндүн ысыктыгы жана кургакчылык өз кезегинде Европада Атлантиканын жээктеринен Балкан жарым аралына чейин токой өрттөрүнүн чыгышын шарттады. Андан кеминде 40 тай киши каза тапты.Португалия, Испания ,Францияда миңдеген гектар токойлор өрттөнүп, айыл чарбасына да оңбогондой чыгым алып келди. Португалия атүгүл өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизгенге чейин барды.Бийлик өкүлдөрү келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо кыйын экенин айтышууда. Күн быйыл Кытайдын чыгышында да өзгөчө ысык. Кабарларга караганда, жергиликтүү зоопарктардын бириндеги төө аба-ырайынын ысыктыгынан улам көз жумган.

Чыгыш Англия университетинин эксперти Девид Вайнер биздин радионун кабарчысына берген маегинде белгилегендей, аба ырайы акыркы 140 жылдан бери жылуунун гана үстүндө, балким быйыл адамзаттын тарыхындагы эң ысык жыл болушу мүмкүн. Адистер жаратылыштын буга окшогон кубулуштарында адамзаттын да салымы бар экенинен, бул дүйнөдө өнөр жайдын өнүгүшүнөн улам келип чыккан глобалдык жылуулуктун кесепети экенинен күмөн санашпайт. Девид Вайнер:

- Биз азыр проблема эмне экенин ал эмнеден улам жаралганын да билебиз. Биз адамзат жылына абага 7 миллиард тонна көмүр кычкыл газын жана башка парник газдарын чыгарып жатканын билебиз. Учурдагы башкы проблема биз аны менен кантип алектенерибизде.

Глобалдык жылуулуктун күчөшүн алдын алуу максатында 1997-жылы Киото протоколу деген документ кабыл алынган. Документ абага уулуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максатын көздөйт. Бул өз кезегинде өнөр - жай ишканаларынын өндүрүмдүүлгү төмөндөшү керек дегенде туюндурат. Документ азырынча күчүнө кире элек. Ал үчүн документти 55 өлкө ратификациялап, ошондой эле ага кошулган мамлекеттер абага бөлүнүп жаткан уулу газдардын 55% камсыз кылышы керек. Учурда күтүлүп жаткандай, эгер аны Орусия ратификацияласа, бул чек багындырылып, Киото протколу күчүнө кирет деген үмүт бар. Ал эми АКШ аталган документи ратифакциялабай келүүдө. Вашингтон муну өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына байланыштырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG