Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ЖЫЛЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АБАЛЫ ООР БОЙДОН КАЛУУДА


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы белгиленээр алдында «кыргыз тилинин азыркы абалына көңүл буралы, Башмыйзамдын деңгээлинде мамлекеттик тил даражасын алганы менен, иш жүзүндө тилибиз өнүкпөй калды» деген тынчсыздануулар айтылууда. Кыргыз тилинин айрым күйөрмандары «тилдин өнүгүшү үчүн латын арибине эртелеп өтүш керек» деген сунуштарын да ортого салышууда.

Мамлекеттик тилдин абалынын оордугу тууралуу маселе 19-июлда өткөн «тегерек үстөл» жыйынында да көтөрүлдү. Алардын мазмунун бир сөз менен айтканда, мамлекеттүүлүк жылында мүмкүн болушунча кыргыз тилинин жагдайын жакшыртып алуу зарыл. Андай демилге көтөргөндөрдүн бири - Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

- Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча бир топ эле документтер кабыл алынып жатат. Бирок, алардын иштөө механизми жок. Мисалы, орус тилинен которулган документтер кыргыз тилине ката менен которулат. Экинчиден, өкүнүчтүү нерсе – кыргыз тилиндеги классикалык китептер да чыкпай калды. Ага мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөй калды. Анан «кыргыз тили - мамлекеттик тил» деп ооз көптүрүп айтканыбыз менен, биздин мамлекетте жашап жаткан кыргыздардан башка элдердин атуулдарынын «мен ушул мамлекетте жашап жаттым эле, кыргыз тилин үйрөнөйүн» деген аракети такыр жок, - дейт Токтайым Үмөталиева.

Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганы менен, иш жүзүндө мамлекеттик мекеме-уюмдардын иш кагаздары ырасмий тилде жазылып, жыйын-кеңешмелер да жалаң орус тилинде өткөрүлүп келатат. Өнүгүп-өсүп жаткан шаардагы мектептердин көбү орус тилинде жана илим-билимге умтулган кыргыздардын дээрлик тегиз бардыгы балдарын орус тилдүү мектептерге жана бала бакчаларга берет. Алсак, Ленин районундагы 14 бала-бакчанын үчөөндө гана негизги тил - кыргыз тили. Ал эми Билим берүү жана маданият министрлигинен алынган маалыматка караганда, кыргыз тилиндеги мектептердин саны кыргыздар көп жашаган Өзбекстанда 102ден 58ге чейин, дээрлик эки эсе азайып кеткен. Орус тилине ырасмий тил макамы берилгенден тартып Кыргызстандын өзүндө да кыргыз тилинин абалы кыйындаганы белгилүү. Журналист Жаныбек Жанызактын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн элден мурда мектептерди кыргыз тилиндеги окуу китептери менен текши камсыз кылуу зарыл.

- Кыргыз мектептериндеги эң эле жетпей жаткан окуу китептери – кыргыз тили жана адабияты боюнча китептер болуп жатат. Эми бул эне тилге жасалган кыянаттык эмей эмне! – дейт Жаныбек Жанызак.

Ал «кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн кириллицадан латын арибине өтүү зарыл» деп эсептейт жана муну Кыргызстанда компьютер колдонгондордун кескин көбөйүп баратканы менен түшүндүрөт:

- Азырынча Интернеттеги менин сайтым, анан кыргыз тилиндеги эки-үч сайт бар. Бирок, латын ариби менен кыргыз тилиндеги сөздөрдү жазууда ар кимибиз ар кандай тамгаларды колдонуп жүрөбүз. Кыргыз тилине тиешелүү «ү», «ө» жана «ң» тамгаларын ар ким ар кандай, каалаганындай жазып жатат. Натыйжада, Интернетти пайдаланган кыргыздардын арасында сабатсыздык башталды. Ошондуктан, менин оюмча, латын арибине токтоосуз өтүшүбүз керек.

8-августта Кореядан келген делегация менен жолугушуу маалында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Кеңеш Карачалов «2007-жылга чейин ар бир кыргызстандык электрондук почта менен, 1 млн. адам Интернет менен камсыз болот» деген божомолду айтты. Жаныбек Жанызак «бул иш латын арибине өтүү менен коштолуп, кошо ишке ашса, кыргыз тилинин өнүгүшүндө чоң секирик болот эле» деген пикирде.

Президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков 23-июлда журналисттер менен жолугушканда «кыргыз тили кыргыз мамлекети менен бирге өнүгүшү керек» деген пикирин айтты. Тилекке каршы, мамлекеттик тил Өкмөт Үйүндө жана министрлер арасында кадыр-баркка толалбай келатат. Ал тууралуу Токтайым Үмөталиева мындай дейт:

- Чоң даражадагы кызматтарга кыргыз тилин билбегендерди койбош керек. Азыр бийликте кыргыз эле балдар, эки сөздүн башын кошуп кыргызча сүйлөй албагандар «мен министрмин» деп папке кучактап жүрүшөт. Бир айта кете турган нерсе - кыргыз тили жоголсо, тил менен кошо кыргыз элинин касиети, адеп-ахлагы, касиети жоголот. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө зыян келет.

Жаныбек Жанызак «мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча сүйлөтүүнүн жолдору көп» дейт. Ал: «Чет өлкөдөн келгендер эмне себептен 1-2 жылда кыргыз тилин үйрөнүп алышат да, өмүр бою бул жерде жашагандар кыргызча билбейт?» деген суроону койот:

- Менимче, бийликтегилерге айрым учурда күч колдонуш керек. «Күч колдонуу» деген көмөлөтө коюу эмес, аларга акчалай айып салып же башка бир жолдорун табыш керек.
XS
SM
MD
LG