Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Либерия гуманитардык катастрофага кабылуу алдында турат


Бул тууралуу эл аралык гуманитардык уюмдар билдирүүдө. Жергиликтүү калкка ириде азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жетишпейт. Ал эми өлкөнүн башкалаасы Монровияны курчап турган козголоңчулар эгер президент Чарлз Тейлор бийликти өзүнүн орун басары, вице-президент Мозесу Блага өткөрүп кетсе, анда куралдуу күрөштү улантаарын айтышууда. Ортомчулук кылып жатышкан Батыш Африка өлкөлөрү вице-президент Либерияны утурумдук мамлекет башчысын шайлоого шарт түзүлгөнгө чейин, балким, бир нече эле күн башкараарын убада кылып жатышат. Президент Чарлз Тейлор мурда макулдашылгандай, эртең кызматынан чегинүү менен бирге өлкөдөн да чыгып кетиши керек. Ага Нигерия башпаанек берүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG