Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

ЛИБЕРИЯНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ АКШны АЙЫПТАДЫ


Либериянын президенти Чарльз Тейлор эл аралык коомчулуктун кысымы алдында кызматынан кетип жатканын жарыялады. Анын билдирүүсү Либериянын ар башка аймактарында улуттук армия менен козглоңчул күчтөр ортосунда кандуу кагылышуулар уланып жаткан жана өлкөнүн бир катар шаарлары тамак-аш тартыштыгынан жабыр тарткан мезгилге туш келди.

Батыш Африкадагы Либерияда президенттик кызматты ашык-кеми жок алты жыл аркалаган Чарльз Тэйлор анын ичинен беш жыл бою оппозициячыл кыймылдардын куралдуу көтөрүлүштөрүн басууга аргасыз болду. Козголоңчул күчтөр башында эле Тейлор кызматынан баш тартмайынча, куралын таштабаарын эскертишкен. Соңку эки ай ичинде козголоңчулар Либериянын башкалаасы – Монровияда салгылаштарын күчөтүп, өлкөнүн бир катар шаарларында бейкүнөө адамдар өлүп, катардагы жашоочулар тамак-аш, дары-дармектин жетишсиздигинен жабыр тарта баштаганы кабарланууда. Өлкөдө кырдаал кыйындап, саясий жана гуманитардык кризис тереңдеп баратканын сезген президент Тейлор жекшембиде телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылды.

- Мен президенттик кызматтан өз эрким менен кетип жатам. Эч ким мени бийликтен кетиргем деп мактана албайт. Мен өз мекенимди таштап, башка өлкөгө кетким келбейт. Бирок, мени башка жакка бозгунчулукка кетүүгө дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет мажбурлап жатат деп айта алам, - деди Чарльз Тейлор АКШ тарапка айыптоо таштап.

Байкоочулардын айтымында, Тейлордун өкмөтү азыркы тапта согуш оту каптаган өлкө аймагынын бештен бирин гана көзөмөлдөп калды. Мурдараак Тейлор отставкага кетээр замат Нигерияга башпаана издеп бараары маалымдалган. Бирок, ал өз кайрылуусунда башка өлкөгө кетүү жөнүндө сөз кылган жок, элдин башына түшкөн мүшкүлдөр үчүн Вашингтонду күнөөлөдү:

- Адамзат тарыхында алгачкы ирет АКШ тамак-аш жана башка эң керектүү буюмдарды либериялыктарга каршы пайдаланууда. Президент Жорж Буш мен бийликте турганда, Либерияга америкалыктар басып барбаарын айтканы – биздин элдин келечегин жарга такагандай эле кеп болду. . Мындан ары силердин башыңарга түшкөн азап-тозокту карап отура албайм, - деди Чарльз Тэйлор. Ал бийликти өзүнүн кечээки шакирти, вице-президент Мозес Блага өткөрүп берээрин билдирди, бирок козголоңчулар андай болсо куралдуу касташуусун токтотпоорун айтышууда. Андыктан байкоочулар Бла Либерияны саналуу убакыт гана, каршылаш тараптар мунасалуу талапкер тапканча башкарат деп болжолдошууда.


Либериядагы кандуу согуштар менен башаламандыкка жол берген Чарльз Тейлорду 1948-жылы АКШ жаранына турмушка чыккан либериялык аял төрөгөн. Бала кезинде Америкада жашап билим алган болочок президент кийин эр жеткенде, Либериянын финансы министрлигинде иштеп жүрүп, 900 миң долларды максатсыз пайдаланган үчүн айыпталып, АКШга кетип калып, ал жакта түрмөгө отуруп чыккан. 1989-жылы ал коңшулаш Кот-Дивуар мамлекетинде козголоңчул отряд топтоп алып, Либерияга Улутчул майдандын лидери катары куралчан адамдардын коштоосунда кайтып барган. Анын согушчандары улам бир көтөрүлүшкө чыгып отуруп, өлкөнүн ал кездеги президенти Самюел Доэни өз өмүрүн өзү кыюуга мажбурлашкан. Ошентип, өз максатына куралдын күчү менен жете алаарын көрсөтө алган Улутчул майдандын лидери 1997-жылы бүткүл элдик шайлоодо президент болуп шайланган. Бирок чоң саясатты көздөй жүрүшүн кан төгүүдөн баштаган Чарльз Тейлор алты жылдан кийин минтип, өзү кайра куралдуу көтөрүлүшчүлөрдүн кысымы алдында бийликтен кетүүгө аргасыз болуп отурат. Эл аралык уюмдар менен өткөн аптанын этегинде Либерияга киргизилген Нигериянын бейпилдик күчтөрүнүн өкүлдөрү козголоңчулар басып алган шаарларда эл ачарчылыктан, дары-дармектин жетишсиздигинен жабыр тартып жатканын маалымдашты. Байкоочулардын айтымында, Чарльз Тейлор бийликке келген алты жылдан бери ар кандай салгылашуулар жана өкмөттүн ырайымсыз саясатынын капшабы 200 миңдей адамдын өмүрүн жутту. Андан сырткары Бириккен улуттар уюмунун Сьерра-Леоне боюнча эл аралык трибуналы Либериянын экс-президентин адамзатка каршы кылмыштары үчүн жоопко тартууга даяр экенин билдирген. Буга чейин президенттик кызматына жамынып келген Тейлор сот алдындагы жоопкерчиликтен эми Нигерияда жашырынмакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG