Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:06

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ИЗРАИЛДИН ТҮНДҮКТӨГҮ ЧЕК АРАСЫНДА КЫРДААЛ КАЙРАДАН КУРЧУДУ


Ливан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүн өзүнө каршы Израил тараптан жасалышы ыктымал болгон аба чабуулдарын алдын алууга чакырды. Мунун алдында Израил "Хезболла" уюму түндүктөгү чек арасын артиллериядан аткыланганы үчүн жоопкерчиликти коңшу Ливан менен Сирияга жүктөгөн эле. Жекшембидеги аткылоого жооп кылып, Израилдин аскерий учактары хезболлачылардын Ливандын түштүгүндөгү өңүттөрүнө сокку урган. Дүйшөмбүнүн таңында болсо Израилдин аскерий учактары Ливандын башкалаасы Бейруттун үстүнөн ылдыйлап учуп өтүштү. Расмий Тель-Авив Сирия менен Ливанга, эгер "Хезболлага" каршы чара көрүлбөсө, коргонууга мажбур экенин эскертүүдө.

Шийит мусулмандардын Ливанды байырлаган "Хезболла" уюму менен Израил дээрлик жыйырма жылдан бери кармашып келүүдө. АКШ террорчул топтордун тизмесине кошкон "Хезболла" араб өлкөлөрүнүн арасында жөөт мамлекетинин өкүм сүрүшүнө караманча каршы. "Хезболладан" коргонуу максатында Израил учурунда Ливандын түштүгүндө аскерлерин кармачы. Жөөт аскерлери ал жерлерден 2000-жылдын май айында чыгарылып кеткен. Андан бери Израил, Ливан жана Сирия кесилишкен жердеги талаш аймакта кээде атышуулар орун алып келгенине карабай Израилдин түндүк чек аралары салыштырмалуу тынч деп эсептелчи. Кабарларга караганда, чек арадагы тынчтык акыркы сегиз айдын ичинде алгачкы ирээт бузулду. Өткөн жума күнү Израил Сирия, Ливан кесилишкен аймакта жөөт аскерлери менен хезболлачылар атыша кеткен эле. Анда "Хезболланын" согушкерлери озунуп, жөөт аскерлеринин турумун минемот жана танкка каршы колдонулуучу ракета менен атышкан. Жөөт аскерлери да бул чабуулга арителлерия менен жооп берген болчу. Анда эч ким жабыр тарткан эмес. Ошол эле замат Сирия менен Ливанга карата нааразылык Израилдин БУУдагы элчиси тарабынан башкатчы Кофи Аннандын дарегине жолдонгон. Жекшемби күнү болсо Ливан менен чек арага жакын жердеги Шломи деген кыштакка артиллериялык снаряддар келип түшкөндө, жергиликтүү өспүрүм бала каза таап, дагы беш киши жаракат алды. Бейруттан "Хезболланын" өкүлдөрү артиллерия Ливандын аба мейкиндигин бузган Израил учактарына каршы колдонулганын билдиришти. Расмий Тель-Авив мындай ырастоолорду төгүндөп, ал учурда Ливандын аба мейкиндигине аскерий учактар кирбегенин, бул атайлап эле жасалган иш экенин айтып чыкты. Буга жооп кылып, аскерий учактар дароо эле "Хезболланын" Ливандын түштүгүндөгү өңүттөрүнө сокку урду.Бутага чек арага жакын кыштактардын чет жакалары алынган.

"Тараптардын бири чек арадагы кырдаалды курчутуп, экинчиси унчукпай отура берген абал көпкө созула албайт.Израил өзүн коргоого укуктуу, жарандарын коргоого милдеттүү жана муну жасайт", - деп билдирген жөөт тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гидеон Мейр чек ара аткыланганы кабарланган соң. Израилдин аскерий учактарынын аракетинен кийин хезболлачылар кандай чыгым тартканы тууралуу маалымат түшкөн жок Ливандык расмий өкүлдөрдүн айтымында, учактардан кеминде Тейр Харфа деген кыштактын жанына бир ракета ташталган.

Айтор, Израил түндүк чек араларындагы соңку окуялар үчүн жалпы жоопкерчиликти Ливан менен Сириянын өкмөттөрүнө жүктөөдө. Расмий Тель-Авив аталган эки өлкө "Хезболланы" колдоп, каржылагандыктан анын аракеттери үчүн толук жоопкер жана артиллериялык аткылолорду хезболлачылар демөөрчүлөрүнүн макулдугу менен жасап жатат деп эсептейт. Израил ага катар Ливан менен Сирияга эгер хезболлачылар ооздукталбаса коргонуудан башка чарасы калбасын эскертүүдө. Маселен, жөөт коргоо министринин орун басары Зеев Боим дүйшөмбүдө аскердик радиого берген маегинде, "Хезболла" кырдаалды курчута берсе, Сирияга каршы да аскерий чара көрүлүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбады. Ушул эле күнү таңга маал болсо Израилдин аскерий учактары Ливандын башкалаасы Бейруттун үстүнөн ылдыйлап учуп өтүштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG