Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

ЕВРОПА БОЛУП КӨРБӨГОНДӨЙ ЫСЫКТАН ЖАБЫРКОДОО


Бүбүкан Досалиева, Прага Европа континентинде болуп көрбөгөндөй ысык өкүм сүрүүдө. Британия жана Германияда дүйшөмбү күнү ысыктын жаңы рекордду катталды. Аба ырайынын мындай ысыктыгы Европада токой өртү менен коштолуп, айыл чарбасы жана электр өндүрүү тармагын зыянга учуратууда.

Германиянын Аба ырайы кызматынын маалыматы боюнча, жекшемби күнү Мүнхенде абанын температурасы 40.4 градуска жетти. Бул Германия 1730-жылдан тарта аба ырайына көзөмөл жүргүзө баштагандан берки эң жогорку температура .

Англияда да ушундай эле рекорд катталып, бул өлкөдө абанын температурасы 37.4 градуска көтөрүлдү. Ал эми Португалияда ысык 50 градуска жетип, өлкө токойлордун өрттөлүшүнөн жабыркап жатат. Италия жана Испанияда да ушундай эле көрүнүш.

Германиянын Аба ырайы боюнча кызматынын өкүлү Михаэл Кнобелсдорф ысыктын себебин мындайча түшүндүрдү: Негизги себеп борбордук Европада орун алган жогорку аба басымы, андан сырткары Африкадан бизге өтө ысык аба келип жатат.

Күндүн өтө ысыктыгы жана кургакчылык Европа экономикасына тескери таасир тийгизип жатат. Жаандын жоктугунан дыйкандар түшүмсүз калуу коркунучуна кабыл турса, электр тармагы да ысыктан энергия өндүрүүнү кыскартууга бара турган болууда.

Британияда поезддердин жүрүү ылдамдыгы төмөндөтүлдү. Анткени катуу ысыктан рельстердин майышып кетүү коркунучу пайда болууда.

Муздак суу менен салкындатыла турган өзөктүк станцияларга келип жаткан суулар жылымык болуп кетип жаткандыктан станцияларга коркунуч туулуп жаткандыгын Франция билдирүүдө. Бул өлкөнүн индустрия министри Никола Фонтайн кырдаалды олуттуу деп атады. Мына ушундай себептен Франциянын бир катар өзөктүк станцияларындагы нормадан ашыкча ысып кеткен суулар сыртка агызылды.

Германиянын өзөктүк станцияларында да ушундай эле кырдаал орун алууда.

Европанын табийгатына быйылкы кургачкылык кандай зыян алып келди, ал кийинчерээк эсептелип чыгат дейт адистер. Ал эми Британиянын Фермерлер бирикмесинин эксперти Пол Айбот эң жаман абал сугарылган эгиндерге байланыштуу болот дейт: Англияда абал анча жаман эмес, бирок Германия жана Франция эң жаман мезгилди башынан кечирүүдө.

Январь айынан бери жылдык нормадан жамгыр 50% аз жаагандыгына байланыштуу Франция быйыл дан түшүмүн 6 млн тоннага аз алат деп күтүлүүдө. Помидор жана кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар да оор абалда калышты.

Мына ушундай кургакчылык шартында Рим папасы Иоанн Павел жаан жаасын деп бата тиледи. Ага Европа дыйкандары бул тилекке кошулууда.

XS
SM
MD
LG