Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Орусияда "Курск" атомдук кемеси кырсыкка кабылганынын үч жылдыгына карата эскерүү иш - чаралары өткөрүлдү


Суу алдында жүрүүчү "Курск" атомдук кемеси Баренц деңизине чөгүп кеткенде, анын бортундагы118 моряк каза тапкан эле. Расмий жоромол боюнча кеме өзүндөгү торпедонун жарылуусунан улам кырсыкка учураган. Тергөө аяктагандан бери бир жылдан ашты, бирок курман болгон моряктардын үй -бүлөлөрүнүн айрымдары кырсыктын себептери кайрадан иликтенишин талап кылууда. Бул трагедиянын үч жылдыгына байланыштуу Орусиянын шаарлары менен аскердик гарнизондорунда, Аскер-деңиз флотунда аза күтүү иш чаралары өткөрүлдү. Санкт-Петербург шаарында "Курск" кемесинде кызмат өтөгөн 32 моряктын сөөгү коюлган Серафимов көрүстөнүндө курман болгондордун урматына эстелик ачылды.

XS
SM
MD
LG