Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Эртең Ф. Куловдун арызы Жогорку Сотто каралмак болду


БИШКЕК. Эртең Жогорку Сотто «Арнамыс» партиясынын азыр камакта отурган башчысы Феликс Куловдун иши каралат. Бул тууралуу бүгүн Ф. Куловдун адвокаты Любовь Иванова «Азаттыкка» маалымдады. Буга чейин Жогорку Сот Феликс Куловдун көзөмөл арызын 11-августта карамак болуп, кайрадан белгисиз себептер менен кийинкиге калтырган. Ф. Кулов «өлкөнүн улуттук коопсуздук министри жана Чүй облусунун губернатору болуп турган кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик казынага зыян келтирди» деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Азыр Ф. Кулов № 19-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөт жатат. Ал 2001-жылдын январь айынан бери камакта отурат. Конституциялык өзгөрүүлөрдөн улам Жогорку Сот ушул айдын башында гана арыздарды карай баштады.

XS
SM
MD
LG