Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

14-августта АКШ тарыхындагы эң ири электр өчүүсү болду.


14-августта АКШ тарыхындагы эң ири электр өчүүсү болду. АКШнын чыгыш-түндүк жана Канаданын чыгыш-түштүк аймактарына бүгүн акырындап кайрадан электр кубаты бериле баштады. Кечээ күнү кечинде белгисиз себептерден электр системасы иштен чыккан жана Американын Нью-Йорк, Бостон, Детройт, Кливленд менен Канаданын Оттава, Торонто сыяктуу шаарлары жарыксыз калган. Миңдеген адам лифт же метродо камалып, чыга албай кармалган жана Американын төрт штатындагы тогуз өзөктүк реакторунун иши токтогон.
Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумбергдин айтымында, окуяга террорчулардын тиешеси болгону далилдене элек: "Баарыңар түшүнгөндөй кылып мен айтып коеюн - бул окуяга кандайдыр бир террорчулуктун тийешеси бар экендиги тууралуу эч далил жок. Кандайдыр бир себептерден Нью-Йорк жана Түштүк Канаданын электр системалары биринин артынан бири иштен чыккан". Канадалык адистердин айтымында, АКШ аймагындагы бир электр станциясына чагылган тийген. Караңгы учурунда Оттава шаарында карактоолор да болду, калган шаарлар тынч.

XS
SM
MD
LG