Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Султанаалы Арстанбек, Бишкек Хакасиянын аймагында орто кылымдардагы кыргыздарга тиешелүү миңдеген таш эстеликтер бардыгын Новосибир окумуштуусу Юлий Худяков ырастап келет. Бүгүнкү кеп «Тамгалуу таштар» аймагы жөнүндө.

Хакасиянын Аскиз районуна караштуу «Тамгалуу таштар» тарыхый эстеликтери өткөнгө кызыккандар үчүн жылдап изилдөөгө татыктуу жай. Бул жердин өзгөчөлүгү - бир нече тарыхый өнүгүү катмарын боюна сиңирген маалыматтардын арбындыгы. Күңгөй бетиндеги жайылып кеткен кенен жайыктагы жүздөгөн таштардын ар биринде нечендеген тарыхый маалыматтар катылып жаткандыгын белгилеп экспедиция тобунун мүчөсү, Новосибир университетинин профессору Юлий Худяковдун берген маалыматы бул:

- Биздин доорго чейинки болжол менен 5-4-кылымдардагы Тагар маданиятына тиешелүү таш эстеликтерин көрүп жатасыздар. Ошол мезгилдердин өнүгүү маданиятына тиешелүү болгон ортодогу майда таштарга көп көңүл бурулбай бурч-бурчтардагы чоң таштарга өнүгүү маданиятына жараша ар кандай тарыхый белгилер коюлган. Бул жерде байыркы доордогу өнүгүү шартына тиешелүү канатын жайган бүркүттүн жана адамдын элеси, короолорду айланткан тосмолордун, лабиринттик чиймелердин жана башка табышмактуу оюулар таш бетине түшүрүлгөн. Ошондой эле таш беттеринен байыркы доордон кечээги эле орто кылымдарга чейинки өнүгүү шартын кучагына алган маалыматтарды табууга болот. Бул белгилер балким диний ишенимдердин, үрп-адаттардын, уруулук жөрөлгөлөрдүн белгиси болушу мүмкүн.

Беш метрден жети метрге чейинки бийиктиктеги таш коргондор өлүү дүйнөнүн үнсүз шаары сыяктуу туюлат. Булардын ар биринин беттеринде кеминде он - онбештен кыргыз жазууларынын болушу, тарыхый ар кайсы өнүгүүнүн белгиси түшүрүлүүсү өзгөчө кыргыз тарыхчыларына баа жеткис табылга болду. Экспедициянын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов:

- Бул жердеги таштардын эң баалуулугу ар биринин бетинде кеминде миң жылга жакын убакытты камтыган ар кайсы өнүгүүлөрдүн изи калгандыгы. Убакыттын өтүшү менен канчалык жетишилип, жоюлганы менен белгилердин, өзгөчө кыргыз элинин тарыхына тиешелүү бай материалдардын табылып жатышы бизди кубантат. Гиганттык таштардын бул жерге алынып келиниши өзүнчө изилдөөнү талап кылаар. Кандай болгон күнү да байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын калтырган издерин иликтөөгө бул жер жаңы дың катары кызмат кылаарына шегибиз жок.

Өзүнчө сүрөт галереясы сыяктуу жаратылыш койнундагы таш эстеликтерде кыргыздардын кайсы урууларына тиешелүү эн-тамга белгилер бар экендигин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Олжобай Каратаев айтып берди:

- Бул эстелик биздин байыркы ата-бабаларга таандык. Мунун боорунда кыргыз урууларынын эн-тамгалары, тээ башындагы кыргыз уруунун эн-тамгалары сакталган. Кыргыздын алакчын уруусунун эн-тамгасы, алакчындар азыркы учурда саруу уруусунун курамына кирет. Ай тамга саруу уруусунун эн тамгасы. Ушул эле ай тамга солто уруусунун эн-тамгасы катары белгилүү. Мундуз уруусунун эн-тамгасы да бар. Бул биздин ата-бабалардын бул жерде жашагандыгын, өзүнүн ээлигин, кожоюндугун аныктаган белгилер катары улуулукту, бийиктикти билдирген белги катары коюшкан. Бул мамлекеттик өз ара келишимдерди тастыктоодо, менчиктөө анык экенин белгилөөчү юридикалык документ, келишимдерди түзүүдө коюлган эн-тамга. Бир эле учурда бул аймак, жер кайсы улутка, кайсы элге таандык экенин аныктайт. Албетте, бул эн-тамгалар биз азыр кыдырып жүргөн Хакасиянын аймагында, Минусин ойдуңунда көп кездешет. Бул эн-тамгалар абдан кызыктуу жана келечекте көптөгөн талдоолорду окумуштуулардан көптөгөн иликтөөлөрдү талап кылуучу аябай чоң проблема болуп эсептелет.

Кыргыз тарыхынын тереңдешине өз таасирин тийгизүүчү уруулук эн-тамгалар бүгүнкү күндүн пайдалануусунан чыгып калганы менен илимге баа жеткис азык болуп берээр.
XS
SM
MD
LG