Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

ЖОГОРКУ СОТ РАЙОНДУК СОТ ӨКҮМҮН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 15-августта Кыргызстандын Жогорку соту учурда түрмөдө жаткан «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Ф. Куловго байланыштуу арызды карап, Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал эми Кулов эртеби-кечпи бийлик алмашып, өзүнүн акталаарына ишенет

Ф. Куловдун адвокаты Любовь Иванова Куловго байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну сурап, Жогорку сотко 2002-жылы кайрылган. Жогорку сот Куловдун арызын бейшемби күнү карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Феликс Кулов камакка алынганга чейин президент Аскар Акаев менен чогуу бир катар жогорку, жооптуу кызматтарда иштеген. Тагыраак айтканда, 1990-жылдан баштап ички иштер министри, вице-президент, улуттук коопсуздук министри Чүй облусунун губернатору акыркы жолу Бишкек шаарын башкарган.

Ал эми 1999-жылдын март айында Ф. Кулов өзүнүн азыркы бийлик жүргүзгөн саясат менен макул эмес экендигин ачык жарыялаган. Бишкек шаарынын башчылык кызматынан өз эрки менен кетип, өзүнүн жакын санаалаштары менен биргелешип, «Арнамыс» партиясын түзгөн. Ал эми 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйына депутаттыкка шайлоого катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Кулов 2000-жылдын 12-мартында өзүнүн президенттик шайлоого катышаарын маалымдаган. Андан он күндөн кийин, 22-мартта Кулов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген айып менен камакка алынган. Андан соң Куловго катар-катар кылмыш иштери козголду. Адегенде, Куловду Бишкек гарнизондук аскердик соту 2000-жылы актап, сот залынан бошоткон. Гарнизондук соттун мындай чечимин республиканын Аскердик соту жокко чыгарып, ишти кайрадан Бишкек гарнизондук аскердик сотуна жөнөткөн. Ал Куловду 7 эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Мындан сырткары Кулов Биринчи Май райондук соту тарабынан «Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри кезиндеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып менен 10 жылга соттолгон. Райондук соттун мындай чечимин Бишкек шаардык соту 2002-жылдын 11-октябрында күчүндө калтырган. Шаардык соттун мындай чечимине нааразы болгон Куловдун адвокаты өткөн жылы Жогорку Сотко арыз жолдогон.

Айыпталуучу жана анын тарапкерлери Куловго коюлган киненин баарын четке кагып, мындай аракеттер азыркы бийлик тарабынан атайылап саясий себептер менен жасалып жатат деген пикирди айтып келишет. Ф. Кулов үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагынан юстиция министрлигинин жаза өтөө колониясына которулду. Түрмөгө которулгандан кийин ал «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маегинде «Арнамыс» партиясы А. Акаев жетектеген бийликтин саясатына каршы күрөшүн уланта берерин мындайча билдирген:

- Биз биринчи жолу расмий түрдө президент А. Акаевге жана аны колдогон саясий партияларга карата оппозициялык партия экендигибизди жарыялап жатабыз. Биз үч жыл мурда түзүлгөндө өзүбүздү оппозициялык партия деп ачык жарыялаган эмеспиз. Анткени биз өлкөдөгү жасалып жаткан бир топ иштерди колдогонбуз жана жакшы үмүттөрүбүз бар эле. Бирок бүгүнкү күндө азыркы жетекчиликти колдоо мүмкүн эмес

Кулов жана анын жакын санаалаштарынын мындай пикирине азыркы бийлик өкүлдөрү макул эмес. Президенттик акимчиликтин коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Кулов саясий себептер менен камалды, деген пикирди четке кагат:

- Бул баягы сасык саясатчылардын чыгарган сөзү. Буга эч кандай негиз жок. Анткени көзгө көрүнүп турган нерсени кантип танат? Сотто деле ошол маселелер көтөрүлүп айтылбадыбы. Тетиги жерде турган Сейтек шаарчасына Бишкек шаарынын он беш миллион сому жөн эле кеткен. Ошол эле Чүй обласында губернатор болуп турганда берген 16 миллион сом ушу убакка чейин кайткан жок. Бул эмне, коррупция эмеспи?.

Ал эми Куловдун өзү болсо эртеби-кечпи акталарына ишенет:

- Бир же жарым жылдан кийинки шайлоодо бийликке жаңы адамдар келгенде мен акталам. Анткени, эртеби-кечпи бийликке башка адамдар келет.

XS
SM
MD
LG