Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Көлдүн Ананьево айлын суу каптоодо


КАРАКОЛ. Айыл тургундарынын тынчсызданууларына караганда, Ананьево айыл өкмөтүнө караштуу 120 гектар айдоо аянтын суу каптап, оор абал түзүлдү. Өткөн жылы 60 гектар жерди суу каптаган. Жер астынан көтөрүлгөн суу 150 үйдү керектен чыгарды, анын ичинде 16 үй короо-жайы менен жараксыз абалга келип, үй ээлери жакын туугандарына, өң тааныштарына көчүп барууга аргасыз болушууда. Суу каптаган эгин аянттарын чаап-жыйноо кыйынчылыкка турууда. Өстүрүлгөн эгин коромжуга учуроодо. Айыл тургундарынын айтымында, өткөн жылдын апрель, май айында республиканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адистер келишип суу агызчу арыктарды казып берүүгө убада беришкен. Бирок ал айтылган сөздөн ушул күнгө чейин жыйынтык жок, жергиликттүү жетекчилер каражаттын жоктугун шылтоо кылышат.

XS
SM
MD
LG