Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Ирак - Түркия мунай кууру оңдолууда


Ирактын мунайын Түркиянын Жейхан портуна чыгаруучу бул маанилүү куур өткөн аптанын аягында катары менен эки жеринен жардырылып, өрткө чулганган соң иштен чыккан. Жергиликтүү бийликтер муну саботаж катары баалашты. Багдаддагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремердин айтымында, мунай куурдун жардырылышы менен Ирак күнүнө 7 миллион доллар жоготууда. АКШ аскерлеринин билдиргенине караганда, куурду калыбына келтирүү үчүн эми кеминде он күн талап кылынат. Диверсияга кечээ Багдаддын түндүгүн тейлеген суу түйүнү да кабылды. Эл аралык Кызыл Чырым коомунун эсебинде, андагы жардыруудан улам 300 миңдей адам суусуз калды.

XS
SM
MD
LG