Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстанда мунайдын баасы 30 пайызга кымбаттады


БИШКЕК. Соңку эки апта ичинде Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын 30 пайызга кымбатташы эки факторго, тагыраак айтканда, Казакстан менен Орусияда мунай баасынын кымбаттышына жана аталган өлкөлөрдөн мунайдын чыгарылбай жаткандыгына байланыштуу. Бул тууралуу шаршемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына Кыргызстандын мунайга болгон муктаждыгын 80% чейин камсыз кылган «Мунайтрейдерлер ассоциациясынын» соода алакалары боюнча директору Дмитрий Носов маалымдады. Анын айтымында, Казак өкмөтү жыйым-терим мезгилинде мунайга болгон ички керектөөнү камсыз кылуу максатында июль айынан баштап коңшулаш өлкөлөргө күйүүчү жана майлоочу майды чыгарбай туруу жөнүндө токтом кабыл алган. Соңку бир аптанын аралыгында Кыргызстанда бир литр бензиндин баасы дээрлик үч сомго кымбаттады.

XS
SM
MD
LG