Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Лениндин эстелигинин борбордук аянттан алынышынын чыры бүтө элек


БИШКЕК. «Азаттык» радиосуна берген бүгүнкү интервьюсунда белгилүү саясатчы, Кыргызстандын пост-советтик Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов “Кыргызстандын мамлекет, улут катары калыптанышына пролетариаттын жол башчысы Лениндин кошкон салымын унутууга болбойт жана бул өңүттө анын эстелигин борбордук «Алатоо» аянтынан алып салуу туура эмес” деген пикирин билдирди. Анын айтымында, эгер Лениндин эстелигинин ордуна коюлчу Эркиндик айкелинин долбоору элдик талкуудан, адистердин кароосунан өткөн жаңы болууга тийиш. «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-жыйында Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Алымкулов эгемендүүлүктүн символу болгон Эркиндик эстелигин борбордук аянтка жайгаштыруу – заманага шайкеш зарылдык деп белгиледи. Лениндин эстелигинин ордуна коюлушу күтүлүп жаткан Эркиндик эстелиги буга чейин ордо шаардагы Эркиндик гүлбакчасында турган. Бир катар кыргыз атуулдары Лениндин эстелигин борбордук “Алатоо” аянтынан башка жайга көчүрүү тууралуу өкмөттүк токтомду колдоп чыгышты.

XS
SM
MD
LG