Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «ЛЕГЕНДАРЛУУ ПАРЛАМЕНТ АЛТЫН МАСЕЛЕСИН ТУУРА КӨТӨРГӨНҮН МЕЗГИЛ КӨРСӨТТҮ»


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 1991-жылдын 19-21-августунда Москвада төңкөрүшкө аракет жасалган маалда Кыргызстандын өз алдынча эгемен мамлекет болоору же Совет мамлекетинин курамында калышы республиканы башкарып турган адамдардын саясий дараметине, инсандык сапатына да байланыштуу болгон. Жогорку Кеңештин 1990-95-жылдардагы төрагасы Медеткан Шеримкулов биринчилерден болуп ГКЧПны ашкерелеген билдирүү менен чыкканы белгилүү. Медеткан Шеримкулов мырза “Азаттык” үчүн курган бүгүнкү маегинде 1991-жылдагы ГКЧП окуясы, “легендарлуу парламенттин” тагдыры, Кумтөр алтыны боюнча маселелерге токтолот.

- Медеткан Шеримкулович, 1991-жылдын 19-21-августунда мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасалгандан бери туура 12 жыл өттү. Сиз анда легендарлуу парламенттин - Жогорку Кеңештин төрагасы катары иштеп туруп, биринчилерден болуп ГКЧПны ашкерелеген билдирүү менен чыккансыз. Ал күндөрү абал өтө опурталдуу эле, билдирүү кабыл алып жатып, кийин-соңу кандай болуп кетет деп чочуласаңыз керек?

- 1991-жылдын 19-23-августтунда Москвада болгон мамлекеттик төңкөрүш улуу Совет державасын кулатууга алып келген тарыхый ири окуя болду. Төңкөрүшкө аракет жасагандардын башында СССРдин вице-президенти Геннадий Янаев турган. Бул – 20-августта жаңы Союздук келишимге кол коюунун алдында Совет биримдигин сактап калуунун аракети болгон. Андай аракет тескери жыйынтык берди. Эгер ошол Союздук келишимге кол коюлуп калганда, балким Совет биримдиги сакталып калат беле?! Чындыгында, ушул төңкөрүштөн кийин Совет биримдиги талкаланып, 15 республиканын ар бири өз алдынча мамлекет болуп кетти.

Анан ушундай оор ахывалда республикада, республикада эле эмес, ошол убакта Совет биримдигинин жетекчилеринин ичинен биринчилерден болуп ГКЧПны мамлекеттик төңкөрүш катары эсептеп, аны Конституцияга да, мыйзамдарга да туура келбейт деп, билдирүү менен чыгып, өз пикиримди айтканым туура. Билдирүүнү жазып, республикалык гезиттерге бердим. Анан Мамлекеттик телерадио комитеттин төрагасы ошол учурда маркум Сатыбалды Жээнбеков эле. Жакшы азамат эле, бейиши болгур. Анан ага телефон чалып, «Сатыке, мен сага ГКЧПга карата билдирүүмдү жөнөттүм», - дедим. Ал аны алгандан кийин мага кайра телефон чалып: «Медеткан Шеримкулович, сиздин билдирүүңүздү алдым, эрдигиңизге, кайраткерлигиңизге ырахмат!» - деди.

Андан мурда мен КГБнын республикадагы жетекчиси, генерал Жумабек Асанкуловга телефон чалып: «Мен ушундай ГКЧПнын кылган иштерин туура эмес деп, ошону ашкерелеген билдирүүмдү жасадым» - десем, ал: «Бекер кылыпсыз, бекер кылыпсыз, шашпай турбайсызбы» - деди. Чындыгын айтсам, Жумабек Асанкулов мен сыйлаган адамдардын бири эле. КГБнын төрагасынын ошентип айтканынан кийин мен Сатыбалды Жээнбековго тамаша кылып, «Сатыке, эми мен КГБнын жертөлөсүндө болуп калсам кантесиз?» десем, ал киши да тамашалап: «Сиз КГБнын жертөлөсүндө отурсаңыз, биз анын сыртында сизди колдоп турабыз» - деди. Эми чындыгын айтканда, ошол ГКЧПнын төңкөрүшү ишке ашып кетсе, репрессия болот беле – муну айтыш кыйын. Эң жакшысы, мына ушул ГКЧПнын бийлиги көпкө созулган жок. Алар утулгандан кийин биздин өлкө эгемендикке жетишкени биз үчүн жакшы болду.

- Сиз айтып өткөндөй, анда КГБнын, күч органдарынын таасири күчтүү эмес беле. «Азыр камакта жаткан Феликс Кулов ошол учурда өкмөт үйүн кайтарган КГБнын аскерлерин милиция кызматкерлери менен алмаштырган, Кулов ГКЧП убагында эрдик көрсөткөн» деген пикирлер айтылып жүрөт?

- Жок, Ички иштер министрлигинин милициясы КГБнын аскерлерин өкмөт үйүндө толук алмаштырган жок. Милиция өкмөт үйүндөгү, мамлекеттин башка аймагындагы коопсуздукту сактоочу кошумча күч болгону чын. «Ошол мезгилде милиция абалды бүт колуна алып, милиция гана республиканы сактап калды» деген ой таптакыр туура эмес. Анан тарыхка этият мамиле жасаш керек да. Бир адамдын ролун көтөрүш үчүн туура эмес сөздөрдү, маалыматтарды, фактыларды келтирүү, менимче тарыхка туура келбейт.

- Сиз жетектеп турган легендарлуу парламент бир палаталуу эле, ошондон улам ал күчтөнүп кетти, саясатташып кетти деп, «бизге эки палаталуу парламент керек экен» дешкен. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча кайрадан бир палаталуу Жогорку Кеңешке өткөнү калдык? Бирок, парламентке партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо эрежеси кабыл алынган жок. Буга сиздин оюңуз кандай?

- Чындыгында, мен башкарып турган, азыр тарыхка «легендарлуу парламент» деп кирип калган Жогорку Кеңеш Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн мамлекеттин пайдубалын түптөөгө чоң салымын кошуп, тарыхта кала турган көп иштерди жасады. Анын эмгегин айтып отурса чоң сөз. Сенин сурооңо келсек, 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияга ылайык парламент бир палатадан турат.

Бирок, Конституция кабыл алынгандан бир жарым жыл өтпөй эле, 1994-жылдын октябрь айында, легендарлуу парламенттин иштөө мөөнөтү аяктай электе, президент Аскар Акаев Жогорку Кеңеш эки палаталуу болсун деп, ал сунушун референдумга алып чыкты. Эл колдоду, эми биздин республикада референдум кандай өтөөрүн көрүп жүрбөйбүзбү…

Октябрь айында, референдумдун алдында мен бул маселеге карата өз оюмду республикалык массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып, эки палаталуу парламентке каршы чыккан болчумун. Кийин да бир палаталуу парламентке өтөлү деген оюмду президент Аскар Акаевдин өзүнө жеке жолугушканда да айтып жүрдүм. Президент ал оюмду негизинен колдоп жүрдү. Мына бир палатадан турган Жогорку Кеңешке кайталы деген акыркы чечим 1994-жылдагы менин оюмдун тууралыгын дагы бир ирет бышыктады.

Менин оюмча, Кыргызстанга 75 депутаттан турган бир палаталуу парламенттин болгону туура. Бирок, партияларга парламентке өз өкүлдөрүн шайлоого мүмкүнчүлүк берилбегени туура эмес болду. Жок дегенде, 15-20 орунду партияларга бериш керек эле. Биз ошондо гана жигердүү, уюткулуу, элдин көңүлүн өзүнө бура турган партияларды түзө алмакпыз. Эми Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Совет биримдиги убагындагыга окшоп, бир гана мандаттуу округдар менен тандоо болуп калды.

- Медеткан Шеримкулович, «легендарлуу парламент алтын маселесин козгоп чыкканы үчүн таратылган» деген пикирлер бар. Кумтөр иштегенден бери 52 млн. доллардын айланасында гана Кыргызстанга пайда келтириптир. Дегеле, Кумтөр тууралуу сиздин пикириңиз кандай? Кумтөрдү мындан да жакшырак пайдаланып, анын кирешесин көбүрөөк көрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар беле?

- Легендарлуу парламентте 10 жыл мурда Кумтөрдү бүгүнкүдөй ахывалга алып келбейли деген жакшы ой менен чырылдап, маселе көтөрдүк эле. Бүгүнкү күн, азыркы күндөгү чындыгыбыз Кумтөр боюнча маселе 1993-жылы абдан туура көтөрүлгөнүн, өз убагында коюлганын айдан ачык далилдеп турат. Эгер көтөрүлгөн маселе легендарлуу парламент койгондой, депутаттар каалагандай чечилгенде республиканын бюджетине Кумтөрдүн алтынынан бүгүнкүгө караганда көп акча түшмөк.

Ал эми Кумтөрдүн азыркы ахывалы жөнүндө, Кумтөрдү мындан ары пайдалануу тууралуу өз пикиримди айталбайм. Себеби, чындыгын айтайын, мен бул маселеден алыстап калдым да.

XS
SM
MD
LG