Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

АВТОӨНДҮРҮШ ЧЫГЫШ ЕВРОПАГА ЖЫЛУУДА


Чыгыш Европа өлкөлөрү акыркы он жылдагы экономикалык реформа учурунда өтө катаал сыноону баштан кечирди. Регион реформанын натыйжасында атаандашкан эл аралык автоөндүрүүчүлөр үчүн аябагандай ыңгайлуу өндүрүштүк базага жана рынокко айланган. Бүгүн Польша, Румыния, Мажарстан жана Чехиянын ишканаларында түрдүү маркадагы автомобилдер чыгат.

Акыркы жылдары Чыгыш Европанын шаарларында түркүн маркадагы автомобилдер өтө көбөйдү. Буга катар эле жолдор да кеңейип, сапаты жакшырууда.

Кыргызстан жана башка посткоммунисттик республикалардан айрымасы чет элдик автомобилдердин айрым түрлөрү Чыгыш Европанын өзүндө чыгарылат. Ал эми Чехия дүйнөнүн ири автоөндүрүүчүлөрүнүн катарына 2005-жылдан тартып кошулганы турат.

Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, автоөндүрүш Чыгыш Европада сапаттуу продукция чыгарууга жөндөмдүү арзан жумушчу күчү бар экенин шарданалаган эн белгиге айланды.

Эл аралык автоөндүрүшчүлөр Чыгыш Европада жаңы өндүрүштү ачууга ашыкча кызыкдар. Буга аларды Батыш өлкөлөрүндө жумушчу күчү менен жердин кымбаттыгы түртүүдө.

Британиялык адис-талдоочу Марк Бурса Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Евробримдикке кошулуусу автоконцерндер үчүн өзгөчө маанилүү фактор деп санайт:

- Учурда Чех Республикасы, Мажарстан жана Польша сыяктуу Евробиримдикке кошулганы турган Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн өнөр жайында чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Мындай өзгөрүштөр, өзгөчө, Батыш Европанын рыногундагы үлүшүн кеңейтүүгө умтулган япониялык жана кореялык автоөндүрүшчүлөрдү Борбордук Европага аябай тартууда. Анткени, региондогу өлкөлөрдүн баары Евробримдикке өтөт жана бул-алар жаңы заводду мыкты даярдыктагы жумушчулары бар арзан жерде ишенимдүү өкмөттүк грантка таянып курса болот дегенди билдирет.

Эмки жылы Праганын чыгыш ныптасындагы Колин шаарында Япониянын “Toyota” жана Франциянын ”Peugeot” ширкеттери чакан класстагы жеңил машинелерди жасоочу заводду куруп бүтүшөт. Жаңы автомобиль дүйнөлүк базарга сатылмакчы.

Башка өндүрүшчүлөр да кезекте турат деп сөзүн улайт Марк Бурса:

- Келээрки майда өз чечимин жарыялоочу өндүрүшчүлөр бир канча мезгилден бери Европадан өндүрүшкө ылайыктуу жайды карап жүрүшкөн (Алардын бири Түштүк Кореянын “Hyundai” бирикмеси). Алар Батыш Европага кызыкпасын эбактан бери жашырышпайт. Алар Чыгыш Европа келишет. Азыр алар түрдүү өлкөлөр менен ар кандай жайлардын ичинен мыктысын тандашууда.

Өндүрүш үчүн ылайыктуу жай издеп жүргөн автоөндүрүшчүлөрдүн ичинде Түштүк Кореянын “Kia” жана Британиянын “MG-Rover” компаниялары бар.

“MG-Rover”, анын өкүлү Стюарт Маккинин айтышынча, Варшавадагы автозаводдо жарым люкстагы жана спорттук маркадагы автомобилдерди чыгарып, Оксфорддун жанындагы өндүрүшүн жапмакчы.

Кыргызстанда өтө популярдуу болуп бараткан “Audi” машинесин жасоочу германиялык компания бир нече жыл мурда эле Мажарстанда өз ишканасын ачкан. Дагы бир немес ширкети “Porsche” Чыгыш Германияда “Carrera GT” деген өтө кымбат автомобилдерди жасоочу заводду ишке киргизди. Жаңы машине 350 миң евродон сатылат деп болжолдонууда.

Француздардын “Peugeot-Citroen” группасы Словакиянын Трнава шаарында саатына 55 жеңил машине чыгаруучу заводду кура баштады. Долбоорлук наркы 700 миллион евро бул ишканада 3,5 миң жумушчу иштемекчи.

Италиянын “Fiat” компаниясы болсо Польшанын түштүгүндөгү Тихи шаарында жаңы завод куруп, жалпы европалык рынокту “Panda” моделиндеги фиаттар менен толтурмакчы.

Ал эми америкалыктардын “General Motors” компаниясы Тихиде “Opel” жеңил машинесинин “Vectra” жана “Astra” моделдерин мурдатан чыгарып жаткан.

Ошентип, автокомпаниялардын Батыштагы кымбатчылыктан качуусунан Чыгыш Европа өлкөлөрү пайда көрүүдө.

Адистердин байкашынча, Чыгыш Европага жаңы өндүрүшкө катар жаңы жабдуу жана технологиялыр көчүп, эски жабдуулар Батышта калууда.

XS
SM
MD
LG