Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Германия менен Италиянын мамилелери начарлаган жок


ВЕРОНА. Германия менен Италиянын мамилелери эки тараптын саясатчыларынын жаңжалдашканына карабай начарлаган жок. Бул жөнүндө бүгүн Италиянын Верона шаарында жолугушкан Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони билдиришти. "Берлускони мырзанын биздин мамилелерибиз эч качан начарлаган эмес деген пикирин колдойм. Арийне, майда- барат түшүнбөстүктөр болгон. Бирок алар биздин жеке мамилелерибизге жана Германия менен Италиянын саясий жетекчилигинин өз ара мамилесине таасир эткен жок" ,- деди Шрөдер. Бул эки жетекчинин Берлускони менен Германиянын депутатынын июль айында Европаралментте болгон кайым айтышуусунан кийин болгон биринчи жолугушуусу. Берлускони немис депутатын нацистик концлагердин кароолчусуна салыштырган жана кийин өкүнгөнүн билдиргени менен андан кечирим сураган эмес. Андан кийин Италиянын туризм министри немецтердин ар-намысына тийген билдирүү жасаган. Буга байланыштуу Шрөдер Италияда өткөрүүнү пландаштырган эс алуусунан баш тарткан болчу.

XS
SM
MD
LG