Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында бүгүн үч британ жоокери курман болду


БАСРА. Британиянын аскердик өкүлү Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында бүгүн үч британ жоокеринин курман болгондугун билдирет. Ошол эле өкүлдүн айтымында, дагы бир солдат оор жарадар болгон. Аскердик өкүл окуя жөнүндө маалымат али топтолуп жатканын, андыктан бул жөнүндө толук кабар бере албасын билдирет. Бирок окуяга күбө болгондор солдаттар түшкөн аскердик машинеге анын жанынан өтүп бараткан машинеден капилет ок ачылганын, анын натыйжасында болгон авариядан жөнөкөй жарандар жарадар болгондугун айтышат. "Ройтерс" кабар агенттиги британ аскерлери окуя болгон жердеги аймакты тосмого алышканын маалымдайт. Аткылоо бүгүн таң эртең менен болгон.

XS
SM
MD
LG