Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

ИРАК: АЯТОЛЛАГА ЖАСАЛГАН КОЛ САЛУУНУН АРТЫНДА САЯСИЙ АТААНДАШТЫК БАРБЫ?


Иракта абройлуу дин ишмери аятолла Мохаммед Саид ал-Хакимге жасалган кол салуу, айрым байкоочулардын пикиринде, өлкөдөгү калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин ич ара саясий атаандаштыгынын белгиси. Анын кеңсесиндеги жардыруудан үч адам өлүп, тогуз киши жарадар болгон. Аятолланын өзү да жеңил жараат алды. Мунун аралыгында эл аралык Кызыл Чырым коому коопсуздук жүйөсүнөн улам Иракта кызматкерлеринин санын кыскартып жатканын жарыялады.

Окуя өлкөнүн түштүгүндө, Ирактын ыйык шаарларынын бири катары эсептелген Нажафта болду. Жардыруучу зат чиркештирилген газ цилиндрин белгисиз адамдар Мохаммед Саид ал-Хакимдин кеңсесинин сыртына таштап кетишкен экен. Аятолла дүйшөмбү күнү бешимдеги намаздан кайтып келээр замат болгон жарылуудан анын эки жансакчысы жана айдоочусу каза тапты, ал өзү жеңил жараат алды. Алтымыш жети жаштагы Мохаммед Саид ал-Хаким Ирактагы калктын 60%ын түзгөн шийиттердин эң абройлуу диний көсөмдөрүнүн бири, ал-Хакимдердин диний кланынын аксакалы. Ал Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши деген саясий уюмдун лидери, дагы бир белгилүү дин ишмери Мохаммед Бакир ал-Хакимдин аталаш агасы болот. Сунни Саддам Хусейндин режими бийликте турган жылдары шийит дин ишмерлеринин айрымдары сүргүнгө кетүүгө мажбур болуп, кээ бирлери коңшу Иранда башкалап келгени белгилүү. Алар, анын ичинде Мохаммед Бакир ал–Хаким да Саддам бийликтен кулатылгандан кийин гана мекенине кайтышты. Мохаммед Саид ал-Хаким болсо Саддам Хусейндин саясатын сынга алганы үчүн 80-жылдары камакта отуруп чыккан. Согушка чейин башка динаятчылар сыяктуу эле Нажафта үй–камагында болуучу. Саддамдын режими бийликтен кулатылгандан кийин диний ишмердүүлүгүн ээн-эркин жүргүзө баштады. Өткөн аптада жергиликтүү гезиттер аксакал аятолланын өмүрүнө коркунуч бар экенин жазып чыгышкан эле. Эми бул жоромолдун чындыкка айланып, бирок кол салууну ким уюштурганы так белгисиз. Ирак Ислам Революциянын Жогорку Кеңеши деген уюмдун өкүлдөрү кол салуунун артында мурдагы режимге жан тарткан террорчул топтор турарын белгилешти. Ал эми Ирактагы коалициялык аскерлердин пикиринде, бул - кадимки кылмыш иши жана коалициялык күчтөр анын чоо-жайын иликтөөгө катышат.

Айрым байкоочулар бул окуядан Ирактын калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин ич–ара саясий атаандаштыгын көрүүдө. Алардын көз карашында кол салууну шийиттердин дагы бир таасирлүү диний кланы - ал-Садырдын үй–бүлөсүн колдогондор жасашы мүмкүн. Аятолла Мухаммед Садык ал-Садыр 1999-жылы Саддам Хусейндин адамдары тарабынан өлтүрүлгөнү айтылып жүрөт. Анын жактоочулары азыр жаш экенине карабай маркум аятолланын уулу Муктаданын айланасына баш кошушууда. Ал-Хакимдердин кланынан айрамаланып, ал-Садырлардын кланы АКШ баштаган коалиция менен иштешүүгө каршы. ал-Садырлардын уюму дароо эле кол салууга катышы бар деген жоромолдорду четке какты. Айтор кандай болгон күндө да баяндамачылардын пикиринде, бул окуя АКШнын Иракта стабилдүүлүк орнотуу боюнча ансыз деле кыйынчылыктар менен коштолуп жаткан аракетине терс кесепетин тийгизген көрүнүш.

Мунун аралыгында эл аралык Кызыл Чырым уюму Ирактагы кызматкерлеринин санын кыскартып жатканын жарыялады. Уюмдун өкүлү Нада Думанинин айтымында, алар мындай кадамга биринчи кезекте коопсуздук жүйөөсүнөн улам барууда:

- Биз кол салууга кабылышыбыз мүмкүн экени жөнүндө айрым бир маалыматтарды алдык жана ага олуттуу мамиле кылабыз. Учурдагы өзгөрүлмө кырдаалды, башкалаада дагы деле зордук-зомбулук басымдуулук кылаарын эске алганда биз тийиштүү чара көрбөй коё албайбыз.

Нада Думанинин айтымында, уюмдун Ирактагы кызматкерлеринин саны 50гө чейин кыскарышы мүмкүн. Бирок, бул Кызыл Чырым Ирактан кетет дегенди туюндурбайт. Уюм өз кызматкерлерин Иракка коңшу өлкөлөргө жөнөтмөкчү. Кызыл Чырым уюму ар кандай багытта: камактагы ирактыктардын шартына көз салуудан баштап, талкаланган жайларды калыбына келтирүү менен да алектенет. Коопсуздукка байланышкан тынчсыздануулар өткөн аптада БУУнун Багдаддагы кеңсеси жардырылгандан бери өзгөчө күчөдү. Улуттар уюму Ирактагы миссиясын улантып жатканы менен көмөкчү иштерди аракалган кызматкерлерин бир тобун өлкөдөн чыгарып кеткен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG