Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

КОКОН КАНДЫГЫНДАГЫ ОРДО КЫЗМАТКЕРИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы кыргыз тарыхынын белгисиз жактарын изилдөө менен коштолууда. Мындан 10-15 жыл илгери «кыргыз эли Октябрь төңкөрүшүнө чейин караңгы сабатсыз эл болгон, жазмасы, мамлекети болгон эмес» деген тарыхчылар ушу тапта көз карашын 180 градуска өзгөртүп, башка теорияга өтүшкөн. Тоталитардык доордо темир сандыкта катылып келген кол жазмалар жарыяланууда. Буга чейин белгисиз айрым кол жазмалар, тарыхый эмгектер чет өлкөлөрдөгү архив, китепканалардан табылып, Кыргызстанга алынып келүүдө. Мына ушундай баалуу эмгектин бири Стамбулдагы китепканадан табылган Зияутдин Максымдын жазмалары. ХIХ-кылымдын экинчи жарымында Кокондо Кудаяр кандын өтүнүчү менен ордодо кызмат кылган аалым көлөмдүү эмгек жазган.

ХIХ-кылымдын 2-жарымында кан ордосунда кызмат өтөп, көлөмдүү эмгек жазган Зияутдин Максым тууралуу мурда «Азаттык» радиосунан кеңири маалымат берген элек. Анын кол жазмасын Стамбул университетинин китепканасынан 1992-жылы белгилүү тарыхчы, профессор Анвар Мокеев таап, анын көчүрмөсүн Кыргызстанга алып келген. Бирок, Зияутдин Максымдын кыргыз экени ал убакта белгисиз болчу. Анын тек жаатын архивдик булактардан изилдеп отуруп, ал кыргыз болгонун 2 жыл мурда «Азаттык» жана башка маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыя кылганбыз. Мына ошондон кийин анын урпактары үн катышып, алар Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндө жашаарын билдиришкен болчу. Биз жакында аталган айылда болуп, анын урпактары менен баарлашып кайттык. Өз мезгилинде Кокон хандыгындагы окуяларга өзү аралашып, бай тарыхый булактарды пайдаланып 1666 беттен турган эмгекти жараткан Зияутдин Максымдын урпактары совет доорунда ар кандай куугунтукка кабылышып, ата-бабалары тууралуу айтуудан айбыгып келишкен. Тоталитардык доордун учурунда аалымдын атын, анын эмгегин унуттурууга жасалган аракеттердин таасири анын урпактары менен баарлашкан учурда даана сезилип жатты.

- Мен Зияутдин Максымдын эң кичүү уулунун кызы болом. Атым Нажимидинова Айша. Зияутдин Максымдын Сыражидин Максым, Шайдин Максым, Нурдин Максым, Андалик Максым, Пахридин Максым, Сайпидин Максым, Нажимидин Максым анан Багдагүл деген кызы болгон. Булардан таркаган көп небере, чеберелери бар. Зияутдин Максым жөнүндө мен биле албайм, биз өзүбүз деле көргөн эмеспиз чоң атабызды. Балдары кийин илим алып, Сыражидин Максым Бухарага барып окуган экен. Акыры келип ушул медреседе имам болуп жүргөн. Биздин чоң аталарыбыз ушул жерде жашаган.

- Менин атам молдо болгон. Кечээ 80-жылдары өттү. Бизге айтып калаар эле, Зияутдин Максымдын колунан сабак алган экен, аз-маз билим алган экен. Андан кийин анын баласы Сыражидин Максымдан да окуган. Кызыгып көп сурайт элек Зияутдин Максым боюнча айтып бериңиз десек, ушул сөздөрдү айтканы эсимде бар. Бул киши өтө жогорку билимдүү аалым адам болгон экен. Ушул өрөөндө Кокон хандыгында кызмат кылып турган мезгилинде Орто Азия чөлкөмүндө Фергана өрөөнүндө эки жерде медресе болгон экен Анжиянда, Кокондо. Зияутдин Максымдын демилгеси менен ушул жерде медресе ачылган экен. Кыштак медресе аталыптыр. Советтик доордо мечиттер, медреселер жоюлуп кетти эле. Ошол бойдон айыл медресе аталып калды. Зияутдин Максымды Кокон хандыгында ушул өрөөндө кимдер менен иштеген деп сураганыбызда буларды айтчу. Бул жерде Толман деген жер бар, азыр генерал Мырзаалы Абдрахмановдун айылы. Ошол айылда Мырзаалы Абдрахмановдун чоң атасы Полот деген аксакал да кызмат кылган экен. Мен азыр 73кө кирдим, аты-жөнүм Молдожусуп Абдубаев.

- Мен Сыражидин Максымдын кызы болом. Сыражидинова Мөтөбар атым. 106га кирип атам өттү.

- Зияутдин деген аксакалды кечээ кийин документтери табылгандан кийин билдик. Бирок анын баласы Сыражидин Максым 106га киргиче көз айнек такпастан китеп окуганын көрүп жүргөмүн. Сыражидин Максымдан Зияутдин Максым тууралуу уккан эмесмин. Ал кишилер Кокондо иштеп андан ары Кашкарга өтүп кеткен экен, биз кийин билдик. Себеби андай нерселерди айтууга туура келбейт эле ал кезде. Аты-жөнүм Сейитбеков Турсунбай, 82ге кирдим.

- Мен Бостонбаев Мухтар, Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Айтамга айылынын тургунумун, Зияутдин Максымдын жакын уруктарынан болом. Сиздер көтөрүп аткан Зияутдин Максым жөнүндө элдин арасында мурун союздун мезгилинде эле сөз болуп жүрчү. Кокон хандын ордосунда кызмат кылган, Исхакка (Полот ханга) жардамдашкан, Алымкул аталык менен бирге иштешкен, акырында Анжиян көтөрүлүшүндө уюштуруучулардын экиден бири болуп жүргөн аксакал экен. Бул нерсе Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин көтөрүлүп, изилдене баштады. Мен атамдан сурасам, атам: aнын уруктары, бала-чакасы жөнүндө айтып берген. Бала-чакасын Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин камап, суракка алгандыгы жөнүндө. Көтөрүлүштөн кийин качып Кашкарга барып ошол жерде өтүп кетсе керек деп айтаар эле. Ал кишинин эмгектерин элге жеткирүү боюнча өзүбүзчө иш-чара түзгөнбүз. Ошондой эле Зияутдин Максым деген фонд түздүк. Фондго мен Бостонбаев Мухтар жетекчи болдум. Бул маселе облустук, райондук жетекчилер менен сүйлөшүлгөн. Буюрса ушул жылдын аяк чендеринде бул кишинин 185 жылдык юбилейин өткөрөлү деген максаттарыбыз бар.



Жогорудагы урпактарынын айтканына жалгыз гана кошумчаларыбыз, Кокон ордосунда кызмат өтөп, хандыктын тарыхын жазган Зияутдин Максымдын эмгеги жана анын өзүн кошуна өзбекстандык тарыхчылар өз улутуна ыроолоого аракет кылып келгени жашыруун эмес. Ошондой эле айрым кыргыз окумуштуулары анын кыргыз болгонуна шектенүү менен карап келишкени маалым. Аалымдын урпактарынын жогорудагы сөздөрү аларга ачык жооп болоор деген ишенимде макалабызды соңуна чыгарабыз.
XS
SM
MD
LG