Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысынын орунбасары келди


Бишкек. 27-август. Бүгүн Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысынын орунбасары генерал-лейтенант Майкл П. Де Лонг келди. Ушул эле күнү чет элдик делегация өкмөт башчы Н. Танаев, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушту. Коргоо министриндеги сүйлөшүү жабык эшик артында өттү. Министрликтин басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, аскердик делегация АКШ менен Кыргызстандын коргоо министрликтеринин ортосундагы 2003-жылга түзүлгөн өз ара кызматташтык иш-планга ылайык келди.
Үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Кыргызстанга АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Джон Абизейд келген.

XS
SM
MD
LG