Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстанга АКШнын ЮТА штатынан делегация келди


Бишкек. 27-август. Бүгүн тышкы иштер министрлигинде Америка Кошмо Штаттарынын Юта штаты менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Меморандумга Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Юта штатынын вице-губернатору Оллен Уоллкер кол коюшту. Кол коюу аземинде министр Аскар Айтматов жана вице-губернатор Уоллкер айым бул макулдашуу Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багтыттардагы кызматташтыктарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгилешти. АКШнын Юта штатынын делегациясы ушул эле күнү премьер-министр Николай Танаев менен жолушту. Юта штатынын делегациясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга жана Ысыккөлдө өтө турган дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайына катышат.

XS
SM
MD
LG