Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Кыргыздардын дүйнөлүк курултайына меймандар келе баштады


Бишкек. 27-август. Дүйнө кыргыздарынын II курултайына катышуу үчүн Бишкекке чет өлкөлөрдөн чакырылган делегаттар келе баштады. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, курултайга КМШ өлкөлөрүнөн 100, Кытайдан 10, Түркиядан 24, Ооганстандан 10, АКШдан 11, Австралия, Испания, Швеция, Литвадан бирден, Швейцария, Великобритания, Чехия, Франциядан экиден, Германиядан үч, Индиядан үч, Сауд Арабиядан 2 адам чакырылды. Дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайы 28-августан 30-августка чейин Ысыккөлдүн Чолпоната шаарында өтөт. 28-августта саат тогуз жарымда Бишкектин Алатоо аянтында өкмөт башчы Николай Танаевдин катышуусунда Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, чет өлкөдөн келген коноктор Чолпоната шаарына жөнөп кетишет.

XS
SM
MD
LG