Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Нарын районундагы Казанкуйган айылында 2 айдан бери электр жарыгы жок


НАРЫН. 28-август. Мындай маалыматты 28-август күнү аталган айылдын тургуну, айылдагы №50-кесипчилик мектептин музыка мугалими, белгилүү обончу жана аткаруучу Айтбек Мукамбетов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында. 23-июнь күнү айылдагы трасформатор подстанциясы күйүп кеткен. Жарыксыз отурган элге 8-август күнү трансформатордук подстанцияны Кочкордон оңдоо керектиги, аны Кочкорго жеткирүү сунушу айтылат. Ошол күндөн тарта 25 түтүн эл, айылдын ооруканасы, почтасы электрсиз калды, дейт Айтбек Мукамбетов. Райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Мирбек Жумагуловдун айтымында, «Трансформатордук подстанцияны айылдыктар өздөрү асылып жатып өрттөп салышкан. Аны Кочкор айылынан же Бишкектен оңдотуу керек. Биз элден акча сураган эмеспиз» дейт Мирбек Жумагулов.

XS
SM
MD
LG