Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

ИРАКТАГЫ ЖАРДЫРУУ ИЧ АРА СОГУШ ЖАРАТПАЙБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Жекшембиде Ирактын борбору Багдаддын көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдар шиилердин жума күнкү жардыруудан каза болгон лидери аятолла Мохамад Бакир ал-Хаким менен коштошушту. Аны менен бирге алар аятолланын өлтүрүлүшүнө нааразылык билдиришип, “Биз Хакимди өлтүргөндөрдөн өч алабыз!” деп кыйкырып жатышты. Ал эми жардырууну уюштурган деген шек менен кармалган төрт адам суракка алынып, аларга кол кабыш кылган деп, дагы 19 адам абакка салынды.

Жума күнү шиилердин Неджеф шаарындагы мечитинин жанындагы жардырууда набыт болгон аятолла Бакир ал - Хакимдин сөөгү адегенде Багдаддан 175 чакырым алыс шаарга алып барылып, ал жерден намаз окулду. Андан кийин анын сөөгү шиилердин ыйык шаары Карбалага жеткирилип, Неджефге шейшемби күнү кайтарылат жана ошол күнү жерге берилет. Аятолла менен бирге жардыруудан каза болгон сексенден көп адамдын сөөктөрүн жерге берүү таажиялары Багдадда, Басрада, Неджефте жана башка жерлерде өткөрүлүп жатат. 26 миллион калкы бар Ирактын 60 процентин түзгөн шиилер аятолла Мохаммад Бакир ал – Хакимдин өлтүрүлүшүнө катуу нааразы болушуп, Ирактын түндүгүндөгү Басра шаарында көчөгө чыккан адамдардын саны 5 миңден ашты. Алар мурдагы залим президент Саддам Хусейнге да, азыр өлкөнү башкарып турган АКШ баштаган коалицияга да нааразы болуп, жардырууларга экөөнү бирдей айыптап жатышат. Каза болгон аятолла Мохаммад Бакир ал – Хакимдин бир тууганы Мохаммад Бакир ал – Юлум Ирактын Башкы Башкаруу кеңешинин мүчөсү катары милдетин аткарууну убактылуу токтотоорун жарыя кылды. Мындай чечим менен ал өлкө коопсуздугун камсыз кыла албаган АКШлык – британдык коалицияга нааразылык билдирүүдө.

Ал эми жардырууну уюштурган деген шек менен камакка алынган төрт адам суракка алынууда. Неджефтин губернатору Хайдар Мехди Матардын айтымында, алардын экөө Саддам Хусейндин бийлигин жактаган Ирактын атуулу. Экөө Сауд Арабстандын атуулдары жана исламдын тазалыгы үчүн күрөшүүнү максат кылган ваххабилердин өкүлү болуп чыкты. Булардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде андан башка дагы 19 адам кармалды. Ассошейтед пресс агенттиги ишемби күнү тараткан маалымат боюнча, алардын баары чет өлкөлүктөр, тактап айтканда, экөө Кувейттин, алтоо Иорданиянын паспортун алып жүргөн Палестинанын атуулдары болуп чыкты. Калгандары Сауд Арабстан менен Ирактын жарандары экен. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, булардын баарынын Сауд Арабстандык көпөс, АКШ № 1 террорчу деп атаган Осама Бен Ладен каржылаган “Ал – Кайида” террорчул уюму менен байланышы бар экен. Алдын –ала аныкталган иликтөөлөр боюнча, алардын баары Иракка Кувейт, Сирия жана Иордания аркылуу киришкен.

Неджеф шаарындагы жардыруу согуштан кийинки Ирактагы эң ири жардыруу болду. Андан кеминде сексенден ашык адам дароо набыт кетип, 140тан ашык адам жарадар болду. Бул жардыруунун адам өмүрлөрүн алып кеткен гана эсеби болсо, эми анын Ирактын келечектеги саясий турмушуна тийгизе турган кесепети андан да күчтүү болот деп жатышат саясат иликтөөчүлөр. Алардын баамында, жардыруу өлкөдөгү башаламандыкты жана ар кандай топтор менен диний багыттардын ортосундагы араздашууну күчөтүп, ич ара согушка алып барышы мүмкүн. Анткени, жардырууларды террорчул уюмдар эле эмес өз ара касташкан суннилер менен шиилердин өкүлдөрү же Мохаммад Бакир ал – Хакимдин шиилердин башында турушуна каршы болгон шиилер эле жасашы мүмкүн деген да божомолдор жок эмес. Саддам Хусейндин куугунтугунан качып, 20 жылдай Иранда жүрүп, “Иракта исламдык революция даярдоо үчүн жогорку кеңеш” деп аталган уюмду түзгөн Мохаммад Бакир ал – Хаким быйыл Иракка кайтып келгенде жаш шиилердин жетекчиси Моктада ал – Садр каршы болгон.

Ал эми Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн америкалык – британдык коалиция жетекчилиги менен Ирактын расмий бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда өзгөчө тартип коргоо топторун түзүүгө ниет кылууда. Ал эми Ирактагы согушка башында каршы турган Орусиянын президенти Владимир Путин Италиядагы визити учурунда Ирактагы коопсуздукту камсыз кылып, туруктуу өкмөтүн түзүүгө Европа мамлекеттери да АКШ менен бирдикте катышуусу жана ага БУУнун чечими зарыл экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG