Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Европа комиссиясынын өкүлдөрү бүгүн Баткен облусунда болушту


БАТКЕН. Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча координатору Пьер Поль Антонисенс баштаган бул топ облус аймагында иш жүргүзүп жаткан айрым эл аралык уюмдардын Баткендеги кеңселеринде болуп, алардын иш аракеттери менен таанышты. Бул топтун иш сапары негизинен облус менен жакындан таанышып, аймактагы көйгөйлүү маселелерди изилдөө максатын көздөйт. Анткени Европа комиссиясы жаңы жылдан тартып Фергана өрөөнүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү аркылуу өрөөндү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду баштоону болжоп жатат.

XS
SM
MD
LG