Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

ХАГЕНСТИН ӨЛҮКТӨР МУЗЕЙИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 3-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкердик комитетинде адам өлүктөрүн жана органдарын мыйзамсыз экспорттоо жана зомбулук менен киши өлтүрүү фактыларын жашыруу тууралуу жыйын болду. Ага саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, Медициналык академиянын ректору Искендер Акылбеков, Жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысы Владимир Носов, Ички иштер министрлигинин жана прокуратура органдарынын кызматкерлери катышты. Жыйында Германияга кыргызстандыктардын сөөктөрүнүн мыйзамсыз сатылышы жана сүйлөшүлгөндөй окутуу куралы болуп катырылып келбестен, дайын-оту жок кеткен 500 адам сөөгү тууралуу сөз болду.

Адамдын денесин катырып көргөзмөгө койгон немис Гюнтер фон Хагенс Кыргызстандын Медицина академиясы менен 1996-жылы келишимге кол койгон. Келишимге караганда Медициналык академия таап берген адам сөөктөрүн катыруу менен дарыгерликке окуп аткан студенттер үчүн көрсөтмө куралдар жасалмак. Бул чыр чыкканда Медициналык академиянын кызматкерлери «өлүктөр тирүүлөр үчүн кызмат кылат» деп чыгышкан. Күн өткөн сайын Германияга өлүктөрдү жөнөтүүнүн артында чоң акчанын көлөкөсү көрүнүп бараткандай. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков «бул көмүскө бизнесте ондогон миллион доллар айланган» деп жарыя кылды.

Эскерте кетели, Гюнтер фон Хагенс катырылган адам өлүктөрүнүн жана органдарынын музейи менен дүйнө жүзүнө атагы чыгып аткан кези. Ал музейин дүйнөнүн кайсы бурчуна көчүрүп барса да ага чубаган кезектин узундугу бир нече чакырымга созулат экен. Ал Кыргызстанга 1996-жылы келип, Медициналык академиянын жетекчилигин пластинация борборун ачууга жана медакадемияда окуган студенттер үчүн Германиядан окуу куралдарын жасатууга макулдугун алат. Ошол күндөн тартып Кыргызстандан Германияга адам сөөктөрүн жөнөтүү башталган. Медакадемиянын жетекчилигинин айтымында, мыйзамга ылайык «анатомиялык тартуу» деген беренеге туура келген өлүктөр бул максатта пайдаланылчу. «Саламаттык сактоо тууралуу» мыйзамда «анатомиялык тартуу» деген берене бар. Анда өлүк издеп-сурап алаар кишиси жок болуп 30 күн бою жатып калса, анатомиялык тартуу катары Медициналык академиянын колуна өтүшү толук ыктымал. Бирок, жыйын учурунда айрым дайынсыз жоголуп, бала-бакырасы издеп чарчаган адамдардын сөөгү да пластинация борборуна өткөнү дайын болду. 1931-жылы туулган Кеңеш Жаналиев 3 жыл 8 ай мурда жоголгон. Сүрөтү телеге жана гезиттерге жарыяланып, катуу издөө салынган. Бирок жанталашкан аракеттерден майнап чыкпай, шалдырап отуруп калган кезде булардын үйүнө депутат А. Таштанбеков телефон чалат. Көрсө кокусунан мээсине кан куюлуп көчөдө жатып калган абышканы «тез жардам» менен № 4-шаардык ооруканага алып барышат. Анда 3 күн жатып каза болгон К. Жаналиевдин дайынын үй-бүлөсү билбей жүрүп, жоголгонуна 4 жыл болгондо угуп отурушат. Медициналык академия алгач «К. Жаналиевдин сөөгү бизде сакталуу» деп үмүткөр кылган эле, бирок…

- Агамдын сөөгүн алайын деп Медакадемияга бардык. Проректор Кудайбергенова «макул, эртең муздаткычтан чыгарып эритип беребиз» деди. Эртеси барсак абдан жаман мамиле жасады. Эки иним кирген эле, аларга үйүлүп жаткан 200дөн ашык өлүктү көргөзүп, «өзүңөр таап алгыла арасынан» дептир. Эки бала кантип ошончо өлүктү көтөрүп издей алат? «Жумушчуларыбыз жардам бере албайт» деп коюптур. Биз «эмне кылсак» деп ойлонгуча Медакадемиядагылар бир жан калбай качып кетишти. Андан кийин барсак «бизде андай адамдын сөөгү жок» деп коюшту, - дейт Жаналиевдин бир тууган иниси.

Депутат А. Таштанбековдун айтымында, пластинацияда пайдаланыш үчүн Медакадемияга өткөрүлүп берилгендердин арасында Жаналиевдин аты-жөнү да жүрүптүр. Ооруканага түшкөндө чөнтөгүндө пенсионердин күбөлүгү бар болчу. Тизмеде аты-жөнү толук, жашаган дареги да так жазылыптыр. Анан эмне үчүн каза болгону туугандарына кабарланбаганы кызык. Депутаттар, азыр балким анын өлүгү Медакадеминын муздаткычтарында жатабы же Германияда бир жерде турабы - боолголой албай турушат. Ушул чыр-чатакка түздөн-түз тиешеси бар Валерий Габитовдун депутаттардын суроолоруна жооп берген тасмасы да көрсөтүлдү. Ал мурда Медакадемиянын пластинация борборун башкарып турган. Кийинчерээк эмнегедир жумуштан бошоду. Валерий Габитовдун айтымында, Хагенстин музейинин 30% Кыргызстандан алып барылган өлүктөр түзөт. Анын билдиргенине караганда, Хагенс ар бир сөөктү 100 миң немис маркасына камсыздаган. Депутат А. Таштанбековдун айтымында, демек ал немис ар бир сөөктү мындан кем эмес акчага баалап алып келген.

Германияга жөнөп кеткен өлүктөрдүн көбү Жазаны аткаруу башкармалыгынан алынган. Валерий Габитов «абактардан чыккан өлүктөрдүн ар бирин Жазаны аткаруу башкармалыгынан 400-500 сомго сатып алчубуз» деп билдирди. Бирок, муну аты аталган башкармалыктын чоңдору жокко чыгарышууда. Владимир Носовдун айтымында, өлүктөр сот-медициналык экспертизага же патологоанатомиялык бюрого өткөрүлүп берилет. Андан ары кандайча барып, Хагенстин колуна түшүп калганын В. Носов мырза билбейт экен.

Валерий Габитов Германияга өлүктөрдү жөнөтүүдөн жеке өзү 300 миң немис маркасы өлчөмүндө пайда көргөнүн моюнга алды. Жыйынга катышкандардын ичинен башка бир да киши өзүнө кылдай да күнөө жолоткон жок. Медакадемиянын проректору Индира Кудайбергенова бул ишти териштирип аткан депутаттардын компетенттүү эместигин, билимсиздигин айтып ачууланып, өзүнүн таза экенин бир нече ирет айтты. Комитетте кыргыз өкмөтүнө бул чатакка тишеси бар бардык кызматкерлерди жумуштан алуу, колу булгангандарына кылмыш ишин козгоо жана бул маселени палатанын талкуусуна коюу тууралуу чечим кабыл алынды. Депутат Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинен тергөөнү тез арада бүтүрүүнү суранды. «Күнөөлүүлөрдү темир торго камаш керек, ылайым ошолордун өлүктөрү Хагенстин музейине жөнөп калсын», - деп ачууланды ал. Депутаттар «тамыры канчалык терең болсо да бул чуулгандуу иштин аягына чыгабыз» деп турушат. Депутат Асел Мамбеталиева жакында кызын көчөдөн белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин айтты. Анын оюнда, кызынын таяк жешинин сөзсүз ушул чатак иштерге тиешеси бар. Валерий Габитов болсо өлүктөрдү чет өлкөгө жөнөтүүдө бийликтин жогорку тепкичиндеги чоң адамдар канатына калкалап келгенин ачык айтты.

1996-жылдан бери баш-аягы канча кишинин сөөгү Хагенске сапар тартканы белгисиз. Ар бир товар аткезчилик жолу менен да келип-кетээрин эске алганда Германияга кеткен өлүктөрдүн саны жашырылбайт деген кепилдик жок. Азырынча «500 адам өлүгү, 5 тоннадан ашык дене органдары кеткен» деген маалымат бар. Бул өлүктөр Чымкоргон ооруканасынан, түрмөлөрдөн, ооруканалардан жана моргдордон берилген. Хагенстин музейиндеги экспонаттардын сүрөттөрү түшүрүлгөн, депутат А.Таштанбековдун колундагы китепте кадимки кыргыздар бар. Аларды өз колу менен жасаган дарыгерлер таанып ,айтып беришиптир.

Биздин дарыгерлер Хагенстин мектебинен өтүп, 1996-жылы эле анын ыкмасы боюнча денени катырганды үйрөнүшкөн. Бияктан барган дарыгерлер Германияда жердештеринин өлүктөрүн өз колдору менен катырышчу. Хагенске бул да киреше. Себеби, өз дарыгерлерине 8 миң доллар маяна берсе, кыргыздардан 600-800 доллар менен кутулат. Балким, ал үчүн кыргыздардын өлүктөрү да арзанга түшкөндүр?

XS
SM
MD
LG