Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Кытайда түрмөлөрдө жана барымтада жаткан кыргызстандыктарды бошотуу аракети жасалууда


БИШКЕК. Учурда Кыргызстандын 7 атуулу Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунун түрмөлөрүндө отурушат. Кытайда барымтада жалпысынан Кыргызстандын 27 атуулу кармалууда. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтмында, учурда Шинжаңдын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 2 адамды Кыргызстандын түрмөлөрүнө которуу Кытай тарап менен макулдашылды. Кытайдын түрмөлөрүндө жана барымтада жаткан кыргыздар боюнча сүйлөшүүлөр мындан ары да улантылмакчы. Консулдук башкармалыктын жетекчиси Кытайда түрмөдө жаткандар жана алардын туугандары укуктук жактан көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылбай жатышканын да билдирди. Быйыл июнь-июль айларында Нарындагы кыргыз-кытай чек арасынан Кыргызстандын Кытайда барымтада жаткан 5 атуулу мыйзамсыз түрдө өтүшкөн. Нарын чек ара бөлүгүнөн алынган маалымат боюнча, ушу тапта Кытайда барымтада Кыргызстандын 100гө жакын атуулу бар.

XS
SM
MD
LG