Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Бишкекте айтылуу кыргыз илимпозу Белек Солтоноевге арналган эл аралык илимий конференция болду


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз улуттук университетинде белгилүү тарыхчы-илимпоз Белек Солтоноевдин 125 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция болуп өттү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата уюштурулуп, Белек Солтоноевдин өмүрүнө жана илимий чыгармачылыгына арналган бул конференцияга Кытайдан, Жапониядан келген тарыхчы окумуштуулар, Кыргызстандын илимпоз адабиятчылары менен тарыхчылары, Белек Солтоноевдин туугандары катышты. Жакында Белек Солтоноевдин мурда жарыялана элек материалдары камтылган китеби басмадан чыкты.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG