Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

АКШнын коргоо министри Ооганстанга барды


Бүгүн Ооганстанга АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд барып,өлкөнүн өкмөт башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Хамид Карзайдын жолугушуудан кийин берген маалыматына караганда, анда терроризмге каршы күрөшүү, Ооганстанды калыбына келтирүү, Улуттук армияны даярдыктан өткөрүү жана АКШнын “Аймактарды калыбына келтирүү” аттуу программасы тууралуу пикир алышуулар болду. АКШ Ооганстанда мурдатан ишке ашырылып жаткан программасына дагы кошумча бир миллион доллар берерин өткөн жумада жарыя кылган. Ага чейин Хамид Карзай Ооганстандагы террористтерди Пакистандын жардамысыз жок кылуу мүмкүн эмес экендигин жана террористтерге каршы күрөшүү эл аралык маселе экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG