Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

Иракта дагы беш америкалык аскер жарадар болду


Ирактагы америкалык аскерлердин бир машинеси бүгүн Фаллужа шаарынын алдында минага жарылгандан үч солдат жарат алды. Шаар Багдад калаасынан 60 чакырым батышта жайгашкан жана анда мурдагы президент Саддам Хусейндин жактоочулары көп. Анын алдында ирактык согушкерлер Багдад шаарында америкалыктарга кол салып, дагы эки аскерди жарадар кылды. Кечээ күнү болсо Балад шаарында америкалык аскерлерге минометтон ок атылып, бир солдат оор жарат алган.

XS
SM
MD
LG