Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Бишкек-Нарын түнкү автобус каттамы ачылды


НАРЫН. Бүгүндөн тартып Нарын автобекетинен Нарын-Бишкек багытында түнкү автобус каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Нарын облустук автобекеттер жана автостанциялар бирикмесинин башкы директору Эсенгелдиев Мурат кабарлады. Бул каттам Бишкектеги «Транс Союз Азия» акционердик коому менен Нарын автобекетинин ортосунда түзүлгөн келишим аркылуу ишке аша баштады. Билеттин баасы - 120 сом, автобус Нарын бекетинен кечки саат тогузда жөнөйт. 1989-жылы Кубакы ашуусунда көп кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу бул каттам токтотулган болчу.

XS
SM
MD
LG