Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Вашингтон Ясир Арафатка катуу чаралар көрүлүшүн колдобойт


Палестин лидери Ясир Арафатты өлтүрүү же Палестинадан кууп чыгуу тууралуу Израилдин позициясын колдобосун АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл билдирди. Анын айтымында, бул араб жана мусулман өлкөлөрүндө нааразычылыктын күчөшүнө алып келет: - АКШ Ясир Арафатты өлтүрүү же кууп чыгууну колдобойт. Ага жол берилбеш керек. Бул жакшылыкка алып келбейт. Араб, мусулман өлкөлөрүндө жана дүйнөнүн башка жерлеринде нааразылыкты күчөтөт.
Жекшембиде Израил өкмөтүнүн вице премьер министри Ехуд Олмерт Израил Ясир Арафатты өлтүрүү же кууп чыгуу маселесин караштырып жатканын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG