Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Гвинея-Бисауда армия бийликти басып алды


Португалиянын ЛУСА кабар агенттиги билдиргендей, батыш африкалык өлкөдө президент Кумба Яала камакка алынды. Аскерлер мурда Португалиянын колониясы болгон өлкөнүн түштүк аймагынан өкмөт башчысы Марио Пирести издеп жатышат. Аскер күчтөрүнүн билдирүүсүндө Яала өлкөнүн көйгөйлөрүн чече албагандыктан, армия бийликти басып алгандыгы айтылат.
Президент былтыр күздө парламентти таркатып жиберген эле. Жаңы шайлоо келерки айда өтмөк.
1 миллион 100 миңдей киши жашаган Гвинея-Бисау - дүйнөдөгү эң жарды өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG