Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

АЙТЫЛУУ ЭЛ ШАЙЫРЛАРЫ


Өткөндөгү «Талант тагдыры» түрмөгүбүздөн мындан 42 жыл мурда кабарчыбыз Балбай Алагушев тасмага жазып алган жана Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасынан табакка (грампластинкага) басып чыгарган «Айтылуу эл шайырлары» аттуу отурумунун кыскартылган үлгүсү менен тааныштырган элек. Андан сиздер залкар төкмө акындар Осмонкул Бөлөбалаевдин, Алымкул Үсөнбаевдин, ырчылар Эстебес Турсуналиевдин, Токтосун Тыныбековдун, улуу комузчу Ыбырайдын, акын Райкандын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, кызыктуу кептери менен таанышкан элеңиздер. Азыр болсо ошол берүүбүздүн экинчи бөлүмүнөн алп жомокчу Саякбай Каралаевдин, залкар кыл кыякчы Сайид Бекмуратовдун, көрүнүктүү комузчу Эркесарынын өнөрлөрүнө, өрнөктүү кептерине күбө болосуздар.

Өткөндөгү биринчи берүүбүздө улуу шайырлардын мындан 42 жылда тасмага жазылып, Бүткүл Союздук «Мелодия» фирмасынан табак (грампластинка) болуп чыккан залкар шайырлар Осмонкулдун, Алымкулдун, ошол кездеги жаш төкмөлөр Токтосундун, Эстебестин, комузчу Ыбырайдын, акын-драматург Райкандын ырдашкан ырларынын, черткен күүлөрүнүн, кызыктуу кептеринин кыскартылган үлгүлөрү менен тааныштырган элем. Азыр болсо ошол ободогу сейрек отурумду улайын. Сиздер бүгүнкү берүүбүздөн алп жомокчу Саякбай Каралаевдин, кыл кыякчы Саид Бекмуратовдун, көрүнүктүү комузчу Эркесары Бекназаровдун өнөрлөрүнө, отурумга катышкан шайырлардын кызыктуу кептерине күбө болосуздар. Республиканын эмгек сиңирген артисти, комузчу, обончу-ырчы Шекербек Шеркулов алп жомокчу Саякбай Каралаевге мындайча кайрылган эле:

- Туугандар! Эмки кезекти Сакеме берели. Сакем Семетей Бухара шаарынан Таласка келгенде Бакай атама жолуккан жеринен күпүлдөтө үзүндү айтып берсин.

Үндөр:
- Туура айтасың, Шеке. Кана, угалы.

С. Каралаев:
Атаңдын көрү дүнүйө,
«Толготуп энем тууду» деп,
«Киндигимди бууду» деп,
«Ушу кезде эл кайда?
Элдин жүзүн көрбөгөн,
Ээликкен жетим мен кайда?»
деп ошондо Семетей
«Кокуй, атам өлдү» деп,
Мына ошондо береки
Таласка кирип барганда,
Талас жайын сураса
Айлана туура таштары,
Камынып турат учканы.
Терекке тууп куштары,
Теминип турат учканы.
Тоолорунда кары бар,
Токоюнда чары бар.
Жан бүткөндүн баары бар, -
деп, кирген буурадай узун сабак күпүлдөтө айтат. Ар тараптан «баракелде, бали, көп жаша, Саке» деген сүрөөлөр жамырайт.

Эшмамбетов:
- Кана эмесе, Сайид аке, «улуу комузчу, улуу кыл кыякчы» деп, Муратаалыдан күү үйрөндүңүз эле. Ошол Мукемин күүлөрүнөн тартып берсеңиз. Адегенде өзүңүздүн «Эки дос» аттуу күүңүздөн баштап, аягын Мукемдин күүсү «Кер өзөн» менен бүтсөңүз дейм.

С. Бекмуратов:
- Азыркы аткара турганым «Эки дос» деген күүнү өзүм чыгаргам. Илгерки өткөн заманда эки дос алыскы сапарга аттанышат. Алар айчылык жол жүрүп отуруп, эки айрык жолдон: «Сен аман, мен аман болоюн, көрүшкөнчө айдан аман, жылдан эсен бололу. Жолубуз шыдыр болсун, өзүбүздү Кыдыр колдосун. Көзүбүз өткүчө бир дөңдө, өлүп калсак бир көрдө бололу. Эч качан бири-бирибизди унутушпайбы», - дешип, кучакташа коштошуптур. Ошол эки доско арнап чыгарган «Эки дос» аттуу күүмдү тартып берейин. Эмки тарта турган күүм устатым Муратаалынын «Кер өзөн» аттуу күүсү. Аны өзүнөн үйрөнгөм. Ошону тартып берейин.

Т. Уралиев:
- Сайид аке, күүнүн тарыхын айта отуруп тартыңыз.

- Мынабу Чоңкеминден бери керилип жаткан Чүйдүн боорун «Кер өзөн» дейт экен, туугандар. Мукем бул күүсүн ошол Чүйдүн кооздугуна арнап чыгарыптыр, -
деп, Сайид аке устатынын күүсүн созолонто тартат.

С. Каралаев:
- Эмдиги кезекти Таластан келген залкар комузчу Эркесарыга берели.

Үндөр:
- Туура айтат. Ат арытып, жол басып, ашуу ашып, бел басып Таластан келген Эркесарыга берели.

С. Каралаев:
- Эми, Эркесары - элге дары, кадимки Айдараалы Жөргөлөктүн «Көйрөң күүсүн» чертип берсин.

Э. Бекназаров:
- Айдараалы күндөрдүн биринде Аксыга барат. Ошондо кимдир-бирөө Ниязаалыга «айтылуу Айдараалы жөргөлөк тиги» деп, чолок куйруктуу көк байтал минип турган кишини көрсөтүп тааныштырат экен. Ошондо Айдараалы Ниязаалыны шак тааный коюп: «Э, Ниязаалы, мен эки төөнү бир атка артып келдим. Жаралгандан жалгыз күүм бар. Ошону чертип берейин», - деп, комузун күүлөй баштайт. «Ой, күүң салмактуу көрүнөт, чертсең чертип бер», - дейт, Ниязаалы. Анда Айдараалы: «Мен чертип берейин. Кыз-келиндердин бетин ачып кой», - дейт экен да, «Көйрөң күүсүн» минтип: «Тиктеп турат, карап турат, күлүп турат, каткырып турат», - деп комузда таптак кайрат да, күүсүн кол ойното, курсагын бүлкүлдөтө «ой-бой, ой-бой апай» деп чертет.

Э. Турсуналиев:
- Капырай, Эркесары аксакалдын курсагын карасаң, төбөсүндөгү топусунун жөргөлөгөнүн, - деп, тамшанат. Туш тараптан:
- Өлбө,Эркесары, ушул кол да жерге жатат, - деп, комузчунун аткаруучулук чеберчилигине суктанышат.

С. Каралаев:
- Кайран киши миңдеген илгеркинин нускасын алып калгандардан эмеспи. Мындай жол көрүп, нускасын алып калгандарды атан дейт, - деген баасын берет.
XS
SM
MD
LG