Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Бишкекте Кыргызстандын ишкерлеринин II курултайы өткөрүлөт


БИШКЕК. 20-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын ишкерлеринин II курултайы өткөрүлөт. Жыйында ишкерлердин башын бириктирүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланат. Курултайга президент Аскар Акаевдин жана премьер-министр Николай Танаевдин катышуусу күтүлөт. Өкмөттүн алдындагы Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиядан алынган маалыматка караганда, буга чейин өлкө боюнча 250 миңге жакын ар кандай чарбалык субъектилер каттоодон өтүшкөн. Алардын 87% - чакан, 8% - орто бизнестин өкүлдөрү. Ушу тапта өлкөнүн ички дүң жыйымынын 40% чакан жана орто бизнестен жыйналат. Кыргызстандын ишкерлеринин I курултайы 2000-жылы сентябрь айында өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG