Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

ТӨРАГА АРАФАТ ИЗРАИЛДИ КАЙРА ЭЛДЕШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Палестиналыктардын лидери Ясир Арафат Израилди өз ара айкашты токтотуп, элдешүүгө чакырды. Арафаттын билдиришинче, радикалдуу “Ислам Жихады” жана ХАМАС согушчул топтору элдешүүгө макул болушкан. Израил тарап Арафат бийлик башында турганда палестиндер менен элдешүү мүмкүн эмес дешип, жөөт аскерлери радикал палестин топторуна каршы жортуулун улантышууда.

Төрага Ясир Арафат Израил жетекчилигин кайрадан өз ара элдешүүгө чакырды. Палестин лидери шаршемби күнү Израилдин “Channel 2” телестанциясына интервью берип жатып: “Албетте, биз силерди элдешүүгө чакырдык. Бул жөнүндө жарыя шейшемби күнү жасалбадыбы”, - деди. Шейшемби күнү Арафаттын коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Жибрил Ражуб палестин тарап элдешүүгө даяр экенин билдирген.

Арафат ошол эле күнү Израилдин башка бир “Channel 10” сыналгысына ок атышууну токтотуп, элдешүүгө бардык палестин топтору даяр экенин айтты. “Атүгүл “Ислам Жихады” уюму ок атышпоонун шартын аткарууга даяр. Биз ХАМАС менен сүйлөшүүнү улантуудабыз”, - деп кошумчалады ал.

Бирок, Арафаттын айтышынча, ок атышуулар токтотулгандан мурда, Израил жортуулдар токтотулат деп ага кепилдик бериши абзел. Арафат ошол эле шаршемби күнү Ройтер агенттигине берген интервьюда:

- Мага Израилдин кепилдиги керек. Биз 51 күн бою ок атышпоонун шартын сактап, аны бузбай аткарганыбыз, ал эми Израил аны бир күн дө аткарбаганын биз эстен чыгарбашыбыз керек. Биз аскерлердин кол салууларына, кыйратып-бузууларына, курчоого жана камакка алууларга күбө болуп жаттык.

Жакында ХАМАСтын чет өлкөдөгү лидерлери израилдик күчтөр чабуулдарын жана ХАМАСтын мүчөлөрүн такымдап жүрүп өлтүрүүнү токтотсо, алар да урушту токтотуп, элдештин шартын талкуулаганга даяр экенин палестин жетекчилигине кабарлашканын автономиянын ырасмий өкүлүнө шилтеп Ассошэйтед пресс агенттиги тастыктады.

Лекин, Израил өкмөтүндө палестин бийликтери согушчандарды, АКШ колдогон “Жол картасы” тынчтык планына ылайык куралсыздандырмайынча, жортуулдарды токтотууга ниети жок.

“Израил ок атышууну токтотуу идеясын террорчулукка каршы күрөштүн альтернативасы катары кароого макул болбойт”, - деп билдирген Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жонатан Пелид шаршемби күнү. Анын айтымында, терроризмге каршы күрөшчү палестиналык лидер табылгандан кийин гана урушту токтотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Тактап айтканда, Ариел Шарондун өкмөтү төрага Ясир Арафат менен тынчтык жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн эмес деп эсептейт.

Израил Арафатты террорчулар менен байланышта деп эзелтен күнөөлөп келет.

Шарондун өкмөтү Арафат менен тил табыша албай кызматтан 6-сентябрда кызматтан кеткен Махмуд Аббастын ордуна дайындалган Ахмед Корайи менен кызматташабы, азырынча беймаалым.

Корайи 25 адамдан турган өкмөтүн али түзө элек. Өкмөттөгү 16 орунга Арафат башындагы “ал-Фатх” партиясынын өкүлдөрү дайындалыш керек. Фатхчылар үстөмдүк кылган өкмөт, байкоочулардын айтымында, Корайинин эмес, бийликти колдон чыгарууну каалабаган Арафаттын таасири астында болоору азыртан анык.

Ага дейре Жакынкы Чыгыштагы абал оор бойдон калууда. Шаршемби күнү таңга жуук израилдик аскерлер ортолук Газадагы Нусейрат качкындар лагерине чабуул жасап, жергиликтүү “Ислам Жихады” уюмунун башчысы Абу Шуайраны өлтүрүштү. Шуайра жөөт аскерлери менен аткылашып жатканда, палестиналыктардын айтышынча, израилдик тикучар аткан эки ракета үйүнө тийгенде мерт болгон.

Израил тараптын маалымдашынча, таңкы операциянын максаты Шуайраны тирүү кармоо болчу.

Атышууда алты жөөт аскери жараат алган.

Шейшемби күнү шам ченде Газанын түштүгүндө жөөт аскерлери менен болгон башка бир айкашта 7 палестин жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG