Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстанда быйыл энергетикалык кризис болушу ыктымал


БИШКЕК. Кыргызстанда энергетикалык кризис болушу мүмкүн жана ал кыш айларына туш келет. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетикалык комплекске байланыштуу маселелер боюнча комитетинин төрагасы Таирбек Сарпашев «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында ушундай билдирүү жасады. Депутат Т.Сарпашевдин болжолунда, өлкөдөгү энергетикалык кризис «Кыргызгаз» тармагын да камтышы ыктымал жана ушул тапта энергетиктердин ага болгон карызы 5 млн. долларды түзөт. Ал эми Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Уларбек Матеев ушул эле күнү «Азаттыктын» кабарчысына «мындай пикирлер негизсиз» деп билдирди. Жыйында айтылгандай, «Кыргызэнерго» акционердик коому 2001-жылы өз алдынча электр бөлүштүрүү компанияларына бөлүнгөндөн бери өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү тынымсыз төмөндөп келет. Азыр калктын жана ишканалардын электр бөлүштүрүү компанияларына болгон карызы 2,5 млрд. сомду түзөт. Ушундан улам электр бөлүштүрүү компанияларынын «Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» акционердик коомуна болгон кредиттик карыздары да көбөйүүдө. Быйыл 1-августка карата анын көлөмү 1 млрд. 200 млн. сомго жетти.

XS
SM
MD
LG