Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

ПАРИЖ КЛУБУ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАНЧА КАРЫЗЫН КЕЧЕТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек «2004-жылдын аягында же 2005-жылдын башында Париж клубу Кыргызстандын 450 млн. долларга тете тышкы карызын кечет» деп өкмөт мүчөлөрү көптөн бери айтып келишет. Бирок, бул маалымат анчалык так эмес болуп чыкты.

Премьер-министрден баштап министрлерге чейинки баардык өкмөт мүчөлөрү «Париж клубу кечет» деп 450 млн. доллардын тегерегиндеги сумманы атап жүрүшөт. Мисалы 17-сентябрдагы өкмөттө өткөрүлгөн кеңешмеде премьер-министр 450 млн. доллардан ашык акча кечирилерин айтты.

-Грузия Эл аралык валюта корунун меморандуму аркылуу кредиторлордун алдында алган өзүнүн милдеттенмелерин аткара албай калды. Эл аралык валюта кору программаны токтотуп койду. Эми алардын Париж клубуна байланыштуу маселеси кыйын болуп калды. Бизге андайга жол берүүгө болбойт. Биз узак жолду басып өттүк. Баардык милдеттенмелерди аткарып, 2004-жылдын декабрында же 2005-жылдын февралында Париж клубу 450 млн дон ашык долларды кечкенге 1 жыл 3 ай эле калды, - деген болчу Николай Танаев.

Ошол эле кеңешмеден чыккандан кийин биз менен болгон маегинде вице–премьер Жоомарт Оторбаев Париж клубу Кыргызстандын карызы үчүн Хьюстон шарттарын колдонорун айткан болчу.

- Эл аралык валюта корунун Хьюстон шарттары боюнча, болжол менен биздин мамлекеттик карыздын 30% кечирилүүгө жатат. Калган карыздар реструктуризацияланат. Ошодуктан, биз бул багыттан чыкпай кетип барабыз. Азырынча макроэкономикалык өнүгүүнүн параметрлеринен чыга элекпиз. Чынында эле карыздарды кечүү үчүн 2004-жылдын аягында жыйынтык жакшы болуш керек,- деген Жоомарт Оторбаев.

Биз бул маалыматтарды башка булактардан текшерип көрсөк, анчалык так эмес болуп чыкты. Финансы министрлигинин алдындагы тышкы карыз боюнча департаменттин директору Биржан Чукиндин айтымында, биринчиден, Кыргызстандын карызын кечүү үчүн Хьюстон эмес, Неаполь шарттары колдонулат экен.

-Биз Неаполь шарттарын алдык. Тагыраак айтканда, Неаполь шарттарын ала алабыз. Неаполь шарттарына ылайык эки тараптуу кредиттердин 50%нан 2/3ге чейинки бөлүгү кечирилиши мүмкүн, - деди Биржан Чукин маселенин биротоло чечиле электигин баса белгилеп. Ал Париж клубу Кыргызстандын карызын кечүү маселесин Эл аралык валюта корунун программасы акырына чыкканда - 2004-жылдын аягында же 2005-жылдын башында карарын ырастады.

Бирок Биржан Чукин сөзсүз эле карыздын 2/3 бөлүгү кечирилет дегендерге кошулбайт. Анын кызмат даражасы Николай Танаевден жана Жоомарт Оторбаевден төмөн болгону менен, тышкы карыздар боюнча кредиторлор менен сүйлөшүүлөргө катышып жүргөн маалыматтуу адам. «Бул эки маалыматтын кайсынысы чын?» деп Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылганыбызда ал жерде иштегендер бизге ырасмий маалымат бере алышпастыгын айтышты. Бирок алар биз менен болгон маегинде Биржан Чукиндин маалыматы чындыкка жакын экендигин билдиришти. Алардын айтымында Хьюстон шарттары карызды кечүүдө эмес, карызды реструктуризациялоодо колдонулат.

Экинчиден, Биржан Чукиндин айтымында 450 млн. доллар эмес, 340 млн. доллардын айланасындагы карыз кечирилиши мүмкүн. Өкмөт башчы «450 млн. доллар» деп жатпайбы дегенибизде, ал буга таң калды:
- Так эмес. Ал эмне тууралуу айтканын өзүнөн сурап көрүш керек. 340 млн доллар. Ал дагы кечирилбей калышы мүмкүн.

Биржан Чукиндин айтымында, Кыргызстандын азыр болжол менен 1,5 млрд доллар тышкы карызы бар. Анын 1 млрд. доллары Дүйнөлүк банк, Европа, Азия жана Ислам банктары сыяктуу финансы уюмдары берген көп тараптуу кредиттер. Алар кечирилбейт. Ал эми калган 512 млн. доллар болсо ар кайсы өлкөлөрдөн алынган карыздар. Анын ичинде Париж клубуна кирген өлкөлөр берген акчалар 407 млн. долларды түзөт. Биржан Чукиндин пикиринде, эгерде Кыргызстан программаны ийгиликтүү аяктаса 512 млн. доллардын 50%нан 2/3 бөлүгүнө чейинки сумма кечирилиши мүмкүн. Ал Париж клубуна кирбеген өлкөлөрдүн 105 млн. доллары да кечириле турган карызга кирерин айтты. Ошентип, эгерде Париж клубунун мүчөлөрү жибип кетип, максималдуу деп эсептелген 67%ды колдоно турган болсо, кечириле турган карыз 340 млн доллардан ашпайт.
XS
SM
MD
LG