Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

АКШда ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ КЫЙМЫЛДАР ПАЙДА БОЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Балдары же туугандары Ирак согушуна катышкан америкалык атуулдар акыркы убакта бир нече уюм түзүп, согушка каршы чыга баштады. Алар канча адам бириктиргени азырынча так белгисиз, бирок эгер Ирактагы абал жакын арада оңолбосо, бул уюмдардын каршылыгы күчөп, алар АКШ жетекчилигине бир топ мүшкүл алып келе тургандай.

Сентябрдын орто ченинде америкалык Конгресстин депутаттарына таандык Вашингтондогу бир кеңседе маалымат жыйыны өткөрүлдү. Ал жыйынга Иракта кызмат өтөп жаткан америкалык солдаттардын ата-энелерин бириктирген бир нече уюмдун мүчөлөрү катышып, согушка каршы пикирлерин билдирди. Алардын айтымында, Ирактагы согуш ылдам аяктайт жана аскерлер бачым эле үй-үйлөрүнө кайтып келет деп, америкалык өкмөт карапайым элди алдаган.

Мындан беш ай мурда негизги аскерий аракеттер Иракта токтогону менен, америкалык аскерлер өлкөдө дагы калууга мажбур жана ал канчага уланаары белгисиз. Иракта күн сайын америкалык аскерлерге 10-15 куралдуу кол салуу болууда жана күн сайын курман болгондор бар. Анын себебин солдаттардын ата-энелери, биринчиден, согушка жана өзгөчө согуштан кийинки абалга өкмөт жакшылыктуу даярданбаганынан көрөт. Экинчиден, алардын айтымында, согуш өзү таза эмес.

Ата-энелер жана аларды колдогон кээ бир саясатчы-эксперттердин пикиринде, АКШга кол салбаган мамлекет менен согушуп деги эле кереги жок болчу. Американын аскерий системасы башынан тартып керексиз согуш жүргүзбөөнү өзүнүн негизги эрежелеринин бири кылган. Ал максатта мамлекеттик аскердин бардык тармактарын - жөө аскерлерди, деңиз флотун жана аба күчтөрүн - аскерий эмес адамдар жетектейт, анткени генералдар өз алдынча башкаруучулук кылса, алар өз алдынча согуш баштап жибериши мүмкүн деген чочулоолор күчтүү болгон жана саясатчылар «кыргый» генералдарды ооздуктап турууга тийиш болчу.

Бирок кээ бир эксперттердин айтымында, акыркы жылдардагы америкалык саясатта аскерий кыргыйлардан аскерий эмес адамдар ашып түштү. Бир топ дүйнө мамлекети каршы чыкканына карабай, америкалык жетекчилик Иракка каршы согушту Бириккен Улуттардан уруксат албастан баштады, ал эми Багдад шаарынын музей-китепканалары каракталып кеткендден, алардын жоготууларын ченеп мүмкүн эмес. Азыр болсо өлкөдө партизандык согуш жүрүп жатат жана АКШ жетекчилиги эмне кылаарды билбей калган сыяктуу.

Вашингтон шаарындагы Коргонуу боюнча маалымат борборунун вице-президенти Тереза Хитченстин пикиринде, бул согушту АКШ баштабашы керек болчу, анткени президент Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу Америка Кошмо Штаттарынын эң жогорку улуттук кызыкчылыгы болгон эмес. Аны катардагы жоокерлер менен кээ бир генералдар дагы түшүнгөндүктөн, алар да азыр чын дили менен аракеттенген жок. Ирактын кеңири кыруучу куралы табылбай жатканы дагы өзүнчө маселе, анткени дал ошол шылтоо менен согуш башталган

Маалымат жыйынына катышкан "Аскерий үй-бүлөлөр сүйлөйт" деген уюмдун негиздөөчүсү Нэнси Лессиндин айтымында, Ирактагы согуш таза эмес: "Согушка жөнөтүлгөн биздин туугандарыбыз мамлекетти жана конституцияны душмандан коргоого ант берген. Бирок өлкө жетекчилиги дагы аскерди керексиз согушка жибербөөгө милдеттүү. Бул өзүнчө бир соодага айланды. Согуш өзү эч качан жакшы нерсе болбойт. Бирок бул согушта биздин уулдарыбыз жана күйөлөрүбүз, биз баарыбыз алдандык".

Эксперттердин айтымында, жаңы түзүлгөн кыймылдарга бийлик азырынча көп деле көңүл бурбай аракеттенүүдө, бирок эмдиги жылкы президенттик шайлоо жакындаган сайын жана Ирактагы абалды америкалык жетекчилик жакын арада оңдой албаса, бул уюмдар өкмөткө бир топ мүшкүл алып келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG