Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Орусиянын аскердик авиабазасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюлду


БИШКЕК. Азыр Москвада иш сапары менен жүргөн президент Аскар Акаев бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Президенттер эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алмашышты. Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда эки өлкөнүн коргоо министрлери Орусиянын авиабазасын «Кант» аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюшту. Орусиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бул келишим 25 жылга түзүлдү. Ага ылайык Кантка Орусиянын 500гө жакын аскер кызматкерлери жана 20 аскердик учагы жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG