Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

СПИДке каршы күрөш каражатка муктаж


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан кечээ күнү Улуттар Уюмунун Баштык Ассамблеясынын СПИДке каршы күрөшүүгө арналган атайын сессиясында сүйлөп, ВИЧ жана СПИД илдетине каршы эл аралык күрөш каржылоого муктаж деп эскертти.
СПИДке каршы күрөшүү терроризмге каршы согуш жана өнөгөсүз өпкө оорусу - САРСка каршы күрөштөй эле маанилүү. Өткөн жылы Африкада 2,4 миллион адам СПИДдден мерт болду деп кошумчалады Аннан.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон коркунучтуу илдетке каршы күрөштө колунан келгенинин баарын жасап жатканын айтты. Кошмо Штаттарында Африкада СПИДке каршы күрөшүүнүн 5 жылдык программасы бар, долбоордун баасы 15 миллиард доллар жана президент Буш Конгресстен 2004-жыл үчүн дагы 2 миллиард доллар сураган деп маалымдады Пауэлл.

XS
SM
MD
LG