Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

Референдумдан кийин Латвияда өкмөттүк кризис башталды


Айданбек Акмат уулу, Прага Өткөн жумадагы референдумда Латвия калкынын көпчүлүгү Европа Биримдигине кошулууга макул деп добуш беришти. Бирок мындай тарыхый чечимден кийин бул өлкөдө өкмөттүк кризис башталып, коалициялык топко бириккен партиялар бирге иштешүүдөн баш тартып жатат.

Өткөн ишембидеги референдумда Латвия калкынын 67% Европа Биримдигине кошулууга макул деп добуш берди. Ал эми каршы болгондор 32.3% түздү. Балтика жээгиндеги бул мамлекеттин калкы Биримдикке кошулууга дилгир экендигин рефрендум алдындагы калкты сурамжылоо да көрсөткөн. Ал боюнча, калктын 56% дан 63% чейинкиси Европага ыктап турган.

Расмий бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгына канааттанганын жашырган жок. Өлкөнүн премьер-министри Эйнарс Репсе Ригада жаштар менен жолугушууда Биримдикке кошулуу Латвиянын үчүнчү чоң тарыхый чечими болгонун билдирди:

- Латвия калкы өз тарыхында үч маанилүү чечим кабыл алган: алардын биринчиси 1918-жылы Латвия мамлекетин түзүү, экинчиси 1990-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүн жарыялоо. Эми мына өнүккөн жана демократиялык Европа мамлекеттеринин үй-бүлөсүнө кошулуу боюнча үчүнчү чечим кабыл алды. Мен сиздерди референдумдун жыйынтыгы менен куттуктаймын.

Латыш социологдорунун пикиринде, сурамжылоо көрсөткөнгө караганда референдумда “макул” деп добуш бергендердин көп болушуна Эстониядагы ушундай эле референдумдун жыйынтыгы таасир берди. Андан сырткары калктын бир бөлүгү каршы добуш берүү өлкөнү экономикалык обочолонтууга алып келет деп чочулашты.

“Латвия факты” деп аталган социологиялык иликтөө компаниясынын башчысы Айгарс Фрейманистин айтымында, референдумдун алдындагы талкууларда саясий жана экономикалык маселелер үстөмдүк кылып турду:

- Референдумга чейинки эки жумада саясий багыттагы үгүт иштери үстөмдүк кылды. Анда Европа Биримдиги НАТО менен кошо келечекте биздин эгемендүүлүгүбүзгө кепил болоору айтылып жатты.

Саясий иликтөөчү Янис Икстинстин пикирде, эки анжы болуп тургандардын бир жактуу чечим кабыл алышына, биринчиден, Биримдикке кошулуунун жактоочуларынын активдүү үгүт иштери, экинчиден, президент, премьер-министр баш болгон ар кыл саясатчылардын Европага кошулууну жактоосу жана үчүнчүдөн, каршы чыккандар тууралуу терс бейненин түзүлүшү таасир этти.

Бирок күтүлгөндөй эле, Латвияда жашаган орус тилдүү калк референдумду жапырт колдогон жок. Маселен, алар көп жашаган Рига шаары менен Орусия жана Беларуска жакын Латгалия аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы терс болду. Алардын каршы добуш берүүсүнө орус тилдүү маалымат каражаттарынын маалыматты аз таратышы, өкмөттүн да аларга карата үгүттү начар жүргүзүшү жана 2004-жылдан тарта латыш тилиндеги эмес жогорку окуу жайларында да латыш тилинин негизги тил болуп киргизилиши себепкер болду.

Добуш берүү аяктаар менен өкмөттүк коалицияга кирген Латвиянын Биринчи партиясы деп аталган партиянын лидери Эрикс Якобсон Латвияда авторитаризм орноп баратат деп, премьер министр Репсени кызматтан кетүүгө чакырды. Өкмөттү түзүүгө катышкан Ата мекен жана Эркиндик, Жашылдар жана Фермерлер бирикмеси партиялары да премьер министрге ишеним кеткенин дүйшөмбү күнү жарыялап, Латвиянын Биринчи партиясын колдоп чыкты.

Өкмөттү түзгөн коалициялык партиялар ортосунда референдумга чейин эле келишпестик башталган, бирок алар маанилүү иш-чаранын алдында араздашууну убактылуу токтотуп турушкан эле.

Өнөктөштөрүнүн талабына карабай өкмөт башчысы кызматтан кетпей тургандыгын дүйшөмбүдө билдирди.

Эгерде алардын талаптары канааттандырылган күндө да жаңы өкмөттүн кандай куралаары белгисиз болуп жатат. Анткени премьер-министр Репсе жетектеген “Жаңы доор” партиясынын 100 орундуу парламентте 26 депутаты бар жана бул партиялар арасындагы алдыңкы көрсөткүч. Социолог Айгарс Фрейманистин айтымында:

- Менин көз карашым боюнча, Эйнарс Репсенин “Жаңы доор” партиясын кошпой туруп, жаңы өкмөт түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан маселенин чечилиши Репсенин эркинде, тагыраак айтканда, анын партиясынын колунда турат.

Латвия өкмөтүндө башталган бул кризис кандай чечилет, аны жакынкы келечек көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG