Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйыны ачылды


Жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө уюмдун жетекчиси Кофи Аннан Ирактын стабилдүүлүгүн камсыздоо зарылдыгына басым жасады:

– Соңку айлардагы окуяларга ар бирибиз ар башка көз карашта болушубуз мүмкүн. Бирок Ирактын туруктуу, демократиялык нукта өнүгүшү, өз ичинде жана коңшулары менен бейпил жашап, аймактагы стабилдүүлүккө салым кошушу баарыбыз үчүн өтө маанилүү.

Аннандан кийин АКШнын президенти Жорж Буш да сөз алып сүйлөдү. Ал Иракты кайра куруу максаттарына эл аралык коомчулуктан кошумча жардам сурады.
Иракта өткөн түнү америкалык аскерлер Фаллужа шаарына жакын жердеги кыштактын тургундары менен кагылышты. АКШнын армиясына согуштук авиация кол кабыш көрсөткөнү кабарланууда. Кагылышта кеминде бир ирактык атуул набыт болду.

XS
SM
MD
LG