Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:40

АКШ Израилди палестиналыктардын мамлекет түзүүсү үчүн шарт түзүүгө үндөдү


Жорж Буш кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө ирактыктардын жаңы демократиялык институттарды түзүү аракети палестиналыктар колдонууга алчу үлгү деди жана Израилди палестиналыктардын мамлекетинин жаралышына шарт түзүп берүүгө чакырды. Анын айтышынча:

- Палестинадагы жараянды бийликке жабышып алып, эски жек көрүүчүлүктөн айрыла албаган жана башкалардын алгылыктуу ишин ойрон кылган лидерлер бузууда. Палестин эли өз мамлекетин түзүүгө татыктуу. Алар реформага бекем бел байлаган, террорчулук менен күрөшүп, тынчтыкты орнотууга умтулган лидерлерди шайлашса, ошондо мамлекет болушат.

Палестинанын эмгек министри Гасан Хатиб Буштун сөзүн сындап, Ясир Арафат демократиялык жол менен шайланган палестин лидери деди.

XS
SM
MD
LG