Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

СЛОБОДАН МИЛОШЕВИЧКЕ ЖАҢЫ КҮНӨӨ КОЮЛА БАШТАДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага Белград прокуратурасы Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевичке жаңы айып койду. Эми ага аскердик кылмыштан сырткары саясий оппоненти, Сербиянын мурунку президенти Иван Стамболичти өлтүрүүгө буйрук берген деген күнөө коюла баштады. Бирок Милошевич өзүнө коюлган доону четке кагууда.

Сербиянын мурунку президенти Иван Стамболич 2000-жылдын август айында белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн. Ошол эле жылы оппозиция лидери Вук Драшковичтин өмүрүнө да кол салуу уюштурулуп, анда Драшкович жаракат алган.

Сербия прокуратурасынын шейшембиде жарыялаган билдирүүсүндө, Слободан Милошевичтин мына ушул кылмыштарга тиешеси бар экендиги айтылган. Бул маселени аныктоо үчүн атайын сот түзүлүп, ал Милошевич катышпаса да ишти карамакчы.

Полициянын маалыматы боюнча, Иван Стамболич “Атайын операция” аттуу бирикменин беш мүчөсү тарабынан кармалып кеткен жана ошол күнү эле өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Сербиянын премьер -министри Зоран Жинжичти өлтүрүүнү иликтөө учурунда быйыл табылган. Стамболичтин өмүрүн кыйууга тиешеси бар деп, “Атайын операция” кошуунунун башчысы, “Легия” деген ат менен да таанымал болгон Милорад Лукович камакка алынган. Зоран Жинчичтин өмүрүнө кол салууну уюштургандардын да ана башы ушул Милорад Лукович деп шектелүүдө.

Саясий киши өлтүрүүлөрдүн артында Милошевич турат деп мурдатан эле шекшинип келген оппозициялык маанайдагы Сербиянын кайра жаралуу партиясынын лидери Вук Драшкович болсо, прокуратура тарабынан Милошевичке түздөн-түз күнөө коюлбай жатканын сынга алууда:

- Укук тарыхында мындай осол көрүнүш учурай элек. Прокуратуранын айыптоосу боюнча, Милошевич менен Легия Иван Стамболичти өлтүрүү, менин өмүрүмө кол салуу тууралуу чечим кабыл алган имиш. Алар мындай чечимди Милошевич жана өлкөнүн коопсуздук кызматынын башчысы Радомир Марковичке күнөө коюудан качуу үчүн кабыл алышууда. Прокурорлор түздөн-түз эле: бул кылмыштарды жаса деп Слободан Милошевич Радомир Марковичке жана Легияга буйрук кылган,-деп күнөө коюш керек эле. Бирок прокурорлор ага баргысы келген эмес.

Анын айтымында, мындай арасат чечим менен прокурорлор тергөө иштеринде аныкталган акыйкаттын ачыкка чыгышына тоскоол кылып жатат.

Белградда жайгашкан Гуманитардык мыйзамдар фондунун башчысы Наташа Кандичтин пикиринде, Милошевичке коюлган күнөө анын Югославияда башка улуттагы адамдарды эле өлтүрүүгө эмес, өзүнүн улутташтарын да өлтүрүүгө тиешеси бар экенин көрсөтүүгө багытталган:

- Милошевичке өз мекенинде коюлган жаңы күнөө - анын башка улуттагыларга эле эмес, өзүнүн кандаштарына да каршы кылмыш жасагандыгын элге көрсөтүү далаалаты. Муну азыркы бийликтин Милошевичтин режими сербиялыктарга да каршы кылмыш иштерин жасагандыгын көрсөтүүгө аракети катары бааласак да болот.

Анын айтымында, Милошевичке жаңы күнөө коюлуп жаткан менен, анын негизги күнөөсү аскерий кылмыштар болуп кала берет.

Слободан Милошевичтин Социалисттик партиясы ага коюлган күнөөнү “саясий террор” катары баалап, четке какты. Милошевичтин өзү да эч кандай кылмыштуу иштерге аралашпаганын билдирүүдө.

Югославиянын мурунку президентине мындан сырткары каржылык көз бойомочулуктарды жасаган деген да жаңы күнөө коюлууда. Өлкөнүн юстиция министри Владан Батич бул маселе боюнча кечээ күнү Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий кылмыштар боюнча прокурору Карла дел Понте менен жолугушуудан кийин, көп акча уурдоо Милошевичтин башын айлантып салган деп айтты.

Слободан Милошевичтин аскерий кылмыштарын карап жаткан Гаагадагы сот жараяны болсо Милошевичтин ден соолугунун начарлашына байланыштуу убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG