Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Президент А.Акаев АКШга жана Францияга бармак болду


БИШКЕК. 1-октябрдан 3-октябрга чейин президент Аскар Акаев баштаган делегация АКШда иш сапары менен болот. Анда Кыргызстандын президенти Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-жыйынына катышып, жалпы дебаттарда сөз сүйлөшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Нью-Йоркто болгон учурунда А. Акаев башкатчы Кофи Аннан баштаган БУУнун таасирдүү жетекчилери менен жолугушуусу да болжолдонууда. БУУнун баш кеңсесинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт. Ушул эле мааракенин алкагында президент А. Акаев 4-октябрда Францияга барат. Ал Франциянын президенти, сенатынын төрагасы менен жолугушуп, ишкерлер чөйрөсүнүн алкагында өткөрүлүүчү форумда сөз сүйлөйт. Сорбонна университетинде ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияга, ЮНЕСКОнун 32-башкы конференциясына катышат. Бул иш-чаралардын алкагында «Улуу Жибек Жолундагы Чүй өрөөнүндө орун алган эстеликтерди коргоо тууралуу» келишимге кол коюлушу күтүлөт.
Ал арада укук коргоочу эл аралык «Human Right Watch» уюму президент Аскар Акаевдин Францияга бара тургандыгына байланыштуу Франциянын президенти Жак Ширакка өз сунуштарын жөнөттү. Уюм өз катында Жак Ширакка Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына А. Акаевдин көңүлүн бурууну сунуш кылды. «Human Right Watch» уюмунун көз карашында, Кыргызстанда Франция өңдүү өлкөлөрдүн антитеррордук күчтөрүнүн жайгашуусу адам укуктарынын маселесин арткы орундарга жылдырды. «2002-жылы Акаев «Кыргызстан - адам укуктарын урматтаган өлкө» деп жарыялаганы менен, оппозициялык лидерлерди, эркин маалымат каражаттарын жана укук коргоочу уюмдарды кысымга алуу күчөдү», деп билдирет уюм өз катында. Катта оппозициялык саясатчы Феликс Куловду түрмөдөн бошотууга Кыргызстандын жетекчилигин чакыруу сунушу да айтылат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG