Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

ЧЕТ ЖАКТА ЖҮРГӨН БИЙЛИК БАШЧЫЛАРЫ, КАБЫЛ АЛЫНГАН МУНАПЫС МЫЙЗАМЫ, ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН АРАКЕТТЕРИ, ЫСЫККӨЛГӨ ТҮШКӨН КАР


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Аскар Акаевдин Москвадагы иш сапарында Орусиянын аскердик авиабазасын “Кант” аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюлду. Премьер-министр Николай Танаев Кытайга барып, Ош-Эркечтам автожолун оңдоого 30 млн. юань берүүгө Кытай өкмөтүн көндүрүп келди. Юстиция министрлиги кээ бир уюмдарды каттоодон баш тартса, башкаларын мамлекеттик реестрге киргизүүгө макул болууда. Кечээ Ысыккөл облусунун айрым райондоруна кар түштү.

Бул аптада президент Аскар Акаевдин Москвадагы иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн коргоо министрлери Орусиянын аскердик авиабазасын «Кант» аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюшту. Орусиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бул келишим 25 жылга түзүлдү. Ага ылайык Кантка Орусиянын 500гө жакын аскер кызматкерлери жана 20 аскердик учагы жайгаштырылат. Эми Москвадагы иш сапарынан соң азыр президент А. Акаев Америка Кошмо Штаттарына жана Францияга барууга даярдык көрүп жатат.

Ал эми премьер-министр Николай Танаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бээжинде өткөн жыйынына катышып келди. Анда кол коюлган макулдашууга ылайык Ош-Эркечтам автожолун оңдоого Кытай өкмөтү 30 млн. юань бермек болду. Кыргызстандын вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиевдин бул тууралуу мындайча маалымат берди:

- Келишимге кол койдук. Буюрса, эки айдын ичинде кошумча тактап, иш баштайбыз. Келишим 30 млн. юанга же башкача айтканда 4 млн. долларга түзүлдү. Чыйырчык ашуусу жаандан катуу жабыркап калган. Ишти ошол ашууну оңдоодон баштайлы деп жатабыз, - дейт К. Жумалиев.

Кыргызстанда болсо Мыйзам чыгаруу жыйыны кезектеги мунапыс тууралуу мыйзамды президент Аскар Акаевдин сунуштарын эске алуу менен кабыл алды. Мыйзам күчүнө киргенден кийин абактагы 500дөн ашуун адам эркиндикке чыгып, дагы 4500дөн ашуун атуулдардын жаза мөөнөттөрү кыскарат. 24-июлда президент «жаза мөөнөтү азайып аткандар экономикалык чыгымдарды төлөгөн учурда гана мунапыс бериш керек» деген жобо киргизүүнү сунуш кылган. Макулдашылган жаңы мыйзамга жараша, кызмат абалынан кыянат пайдалангандар зыян келтирген каражаттын үчтөн бир бөлүгүн мамлекетке кайтарган шартта гана жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскарат. Айрым депутаттар «мындай жобо «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловду мөөнөтүнөн эрте бошотпош үчүн киргизилди» деп эсептешет.

Ал арада Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине төрагасы Болот Тыналиев, башкармалыгынын жаңы мүчөлөрү катары Мамасалы Жакишев, Рыскелди Момбеков, Ашыркул уулу Токторбек, Качкын Булатов жана башка он атуул кирген Адам укуктары боюнча кыргыз комитети киргизилди. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурлан Алымбаев кол койгон кат колуна тийгенин Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» маалымдады. Белгилүү болгондой, өздөрүн «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү» деп атаган атуулдар быйыл 25-августта жыйын өткөрүп, комитеттин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлаганын билдиришкен. Ал эми ушу тапта Венада жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин айтымында, Болот Тыналиев баштаган ал адамдар мындан бир нече жыл мурда эле комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Бирок ошол эле учурда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын кайра каттоо тууралуу сунушуна макулдук берүүдөн Юстиция министрлиги үчүнчү ирет баш тартты. Коалициянын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, уюмдун уставына былтыр киргизилген айрым өзгөртүүлөрдү Юстиция министрлиги «саясий түсү бар» деп баалап жатат.

- “Конституциянын жаңы редакциясына ылайык уставыңарды оңдоп бергиле” деп атышат. Алар 8-беренеге таянып, “бейөкмөт уюмдар саясатка аралашканга болбойт” деген жобону таап алышыптыр, - дейт Эдил Байсалов.

Ал эми юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаевдин сөзүнө караганда, министрлик уставдын айрым түшүнүксүз көрүнгөн жерлерин гана чечмелеп жазып келүүнү Коалициядан өтүнгөн.

- Бул бейөкмөт уюмга эч кандай куугунтук жок. Биздин чечимдерибиз мыйзамдын чегинде, Конституциянын негизинде чыгарылган - деди Нурлан Алымбаев.

Бул аптада Ысыккөл облусунун Түп жана Аксуу райондоруна кар түштү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү дан эгиндерин жарым-жартылай гана чаап-жыйноого үлгүрүшкөн дыйкандардын шаштысын кетирүүдө. Канча гектар аянтты кар басып калганы азырынча белгисиз. Райондордун жетекчилери жана тиешелүү адистер чукул кырдаал түзүлгөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү элге кандай жардам керек экенин тактап жатышат. Мөндүр Каракол шаарына да түштү. өлкөнүн аймагында түшүм толук жыйналып бүтө элек шартта Кыргызстандын башка жерлерине да суук түшпөйт деп эч ким кепил боло албайт.

XS
SM
MD
LG